ТЭЦтеги кыңыр ишке башкы күнөөкөрлөрдүн бири катары коррупцияга шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев эми сот тарабынан күнөөлүү деп табылса мандатынан ажырайт. Учурда Артыкбаевдин иши эртерээк бир жаңсыл болсо деп, тизмеде Азиз Суракматов мандат күтүп акыйып турган чагы. Бул Азис мырза менен учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык делген Ак үйдүн батыш тарабында салынып жаткан көп кабаттуу имаратка Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, курулуш иши токтотулган эле. Бүгүнкү күндө токтотулган курулуш жанданып, имарат курулуп бүтүп калды. Сыягы, кылмыш ишин жайгарышкан өңдөнөт. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул ишке кайра бир көз кырын салып койсо, каңырсыган иттин өлүгү чыкмак…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ