Бүгүн, 24-январь күнү Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынында Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиевге катуу сөгүш берүүнү коопсуздук кеңеш сунуш кылды. Бул тууралуу КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
“Коопсуздук кеңештин отурумдарында кабыл алынган буйруктарды толук аткарбаган жетекчилерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча президентке жана өкмөткө сунуш киргизилди” – деп билдирди Дамир Сагынбаев.
Мындан сырткары, коопсуздук кеңеш Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисине жана эки орун басарына сөгүш берүүнү жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу сунушун киргизди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ