Menu

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Батукаев боюнча Атамбаевге күнөө тагыла турган болсо, билип туруп учурунда айтпай койгону үчүн Текебаев да жооп бериши керек!”

Бөлүшүү:

Бөдөш Аманбаевна Убактылуу өкмөттүн тушунда миграция министрлигин жетектеген, ошол эл учурда 2010-жылкы бийлик алмашууга алып келген окуяларга да чоң салым кошкон. Демек, учурда Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы чон тирешүүгө жол ачкан мародёрчулук, апрель-июнь окуялары, К.Батыровдун өлкөдөн чыгарылып кетиши сыяктуу маселелердин айрым элге билгисиз жагдайларынан да кабардар.

Батукаевдин кызыл жайып узатылышына да Текебаев азыры президентти айыптады. Парламент депутаты катары Б.Мамырова бул чектен чыккан мыйзамсыздык тууралуу көп айткан. Айтор, Бөдөш Аманбаевна менен маегибиз кызыктуу болду, анда мархамат…

– Акыркы убакта көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алектенип атасыз? Сизди көп убакыттан бери таппай калып, “саясаттан четтеп кетти окшойт” деген ойдо калдык эле…

– Саясаттан башка да жашоо бар го. Акыркы 20 жылдан бери балдарым чоңойгондон тарта көңүлүмдүн бардыгын, негизги потенциалымды, күч-аракетимди коомдук иштерге, саясатка бөлүп келиптирмин. А быйыл жашоомдо жакшы бурулуш болду, буга чейин кызымдан төрт небере көрсөм, бул жылы уулум кыздуу болду. Балдарым АКШда жашайт эмеспи,  уулум балалуу болсо барып небере багайын деп тилек кылдым эле, ошондуктан ал жакта 5 айдай жүрдүм. Неберемди эркелетип, жытына балкып, саясаттан бир аз алыстагансыдым. Бирок, азыркы заманда интернет деген бар, өлкөдө болуп аткан окуялардан кабардар болуп аттым. Кыргызстанга сентябрдын башында келдим, келгенден бери жер которуштуруу да оңой эмес экен, адаптация болуп, үйдөмүн, биринчи жолу силер менен маектешип атам.

– 2010-жылдары Убактылуу өкмөттүн тушунда кызматта жүргөнсүз, эми бир кездеги багытташтардын минтип бирине бири айгак чыга баштаганын кандай кабыл алдыңыз?

– Албетте, оор кабыл алдым. Убактылуу өкмөттүн негизин түзгөн 14 адамдын арасында болбосом да,  убагында Миграция министри болуп иштеп калдым. Кайым айтышуунун башталышына Конституцияны өзгөртүү демилгеси себеп болуп калды. Анын башкы жактоочусу – мамлекет башчысы болууп атпайбы. Ошол убакта, 2010-жылы конституциялык жумушчу топтун курамында болгон адам катары жеке оюм, ооба, Конституция өзгөртүүгө муктаж, анткени жалпыга маалым болгондой абдан оор, өткөөл мезгилде кабыл алынгандыктан, мүчүлүштүктөр бар. Биз КМШ мамлекеттеринин ичинде, алтургай Борбор Азиядагы парламенттик-президенттик  башкарууга өткөн биринчи мамлекет болдук. Башкаруунун бул формасына ылайык парламентке депутаттар партиялык тизме менен келишет. Конституцияда так ушул партия менен келген депутаттардын андан аркы ишмердүүлүгү калпыстыкты жаратып койгон. Шайланып келгенден кийин депутат менен партиянын ортосунда байланыш болбой калган. Партия короонун сыртында калып кетип, депутат өзү менен өзү болуп, ал тургай “депутаттык топ түзөбүз, башка фракцияларга кошулуп кетебиз” сыяктуу, өз казанында кайнап калбадыбы. Мага бул башынан жаккан эмес, анткени кайсы партиялык тизме менен келсең, ал партиянын алдында жоопкерчилигиң  болушу керек. Тагыраак айтканда, парламентаризмдин негизи болгон партиянын ролу бекемделбей калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө мандат үчүн партиядан партияга секиргендер көбөйүп, максат -партиянын ишмердигин, парламентаризмди күчтөндүрүү эмес, эптеп мандатка жетүү болуп калды. Мындан башка дагы аткаруу бийлигиндеги вертикаль сакталбай калган мүчүлүштүктөр  бар. Бирок, ошого карабастан, Конституцияга “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети” деген глава киргизилип (2010-жыл 19-май УӨ №39), 4-беренеде бакыйып, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизуу тартиби 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет”,- деп жазылып, референдум аркылуу кабыл алынып калган. Ошондуктан  Конституцияны бүгүнкү күндө эч ким өзгөртө албайт. Башмыйзамды өзгөртүү менен бир топ одоно мыйзам бузууларга, анын ичинде УӨтүн чечимдерине дагы шектенүү жаралып жатат.  Андагы жобону буза турган болсок, эртең УӨнүн протоколдорун, декреттерин жокко чыгарууну демилгелеп чыкса, аны да колдойбузбу? Дегеле 5 жыл бою Конституцияны колдондукпу, колдонбодукпу, каалагандай бийлик жүргүзүп келип, анан президенттик шайлоого бир жыл калганда “шашылыш түрдө өзгөртүш керек” деп чыгып аткандары бүдөмүк ойлорду пайда кылбай койбойт.

– Мынчалык шашылыш өзгөртүүгө кандай муктаждык жаралышы мүмкүн?

– Муктаждык бул бийлик. Президенттик шайлоого алдын-ала даярдык. Конституцияны өзгөртүү бул оңой норма эмес экенин, аны тар чөйрөдө кабыл алуу дайыма эле оң натыйжасын бербесин, жыйынтыгы теңирден тескери болуп калаарын тарык көрсөттү го. Бирок, ошого карабастан шашылыш түрдө кеңири талкуудан өтпөй, тар чөйрөдө ишке ашырылып жатат, жыйынтыгына, канчалык денгээлде туура экенине баа бере турган мезгил келет.

– Президент тарабынан 31-августта, эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында бир кездеги үзөңгүлөштөрү, башкача айтканда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн дарегине карата өтө оор сын айтылды. Бул боюнча оюңуз?

– Айтыла турган, айтылбай турган кеп болот. Аны кабыл алчу чөйрөнү да ойлош керек. Менин жеке баамымда, президенттин сөзүн даярдаган жазмакерлер өлкө башчыны ыңгайсыз абалга туш кылып коюшту. Айтылат эмеспи, “эки гана нерсе артка кайтпайт” деп, “атылган ок” жана “айтылган сөз”. Ошол күнкү президенттин сүйлөгөн сөзүндө эмнелер гана айтылган жок. Натыйжасы кандай болот, кеп ушунда болуп атпайбы. Бул жөн эле катардагы кеп эмес, президенттин билдирүүсү. Сөзсүз ал иликтениши шарт. Эгерде териштирип, аягына чыга турган болсо, эмне менен актаары айтпаса да түшүнүктүү. Банк кутучаларынан жоголгон миллиондор, мародёрчулук бул жакта калсын, Роза Отунбаеванын 1,5 жылдык президенттик мөөнөтүнүн мыйзамдуулугуна чейин сөз кетти. Эгерде Отунбаева эл тарабынан мыйзамдуу шайланбаса, анда анын кол коюп чыгарган чечимдеринин баары жокко чыгабы? Тынчтык жолу менен мыйзамдуу түрдө президенттикти өткөрүп берүү максатында чыгарган өткөөл мезгилдин президентинин шайлоолорду өткөзүү жөнүндөгү чечими дагы жокко чыгабы? Анда, 2011-жылдагы президенттик шайлоонун мыйзамдууулугу кандай болот? Иши кылса эмоцияга алдырдыбы же бир жүрөк өйүткөн ачуу чындыкты айтып, көптөн бери коомчулукту түпөйүл кылган арасат ойдун аягына чыгайын дедиби, айтор, ажо терең кетип, чоң талкууга жем ташталып калды.

– Балким, өлкө башчы өлкөсү үчүн күйүп, келечек үчүн кеч болсо да баарын мыйзам чегинде өз текчелерине койгусу келип аткандыр?

-Албетте, мамлекет башчысы катары эртеңине күйүш керек, бирок аны биринчи күнүнөн баштоо керек болчу, беш жыл бул оңой убакыт эмес, мамлекетте бурулуш жасап коюуга боло турган мезгил.  Акаев, Бакиев элдин ырыскысын ичип-жеп салды, “эбегейсиз бийликке ээ болобуз” дешти. Элдин эсебинен байлык топтошту, мына эми алар каякта азыр? Элдин эсебинен топтолгон байлык, каткан акчалар кайда кетти, ушул мезгилге чейин уу-дуусу басылбай келген ячейка, талап-тоноочулук, мыйзамсыз басып алган мүлктөр азыр кайда, кимдер ээлик кылып жатат? Орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөн кадр саясатына ким жоопкер? Иши кылса толгон токой, коомчулуктун талкуусунан түшпөгөн маселелер боюнча кимдин канчалык денгээлде мыйзам чегинде катыштыгы бар экенин ийне-жибине чейин териштирип, элди аралаштырбай туруп өздөрүнчө чечишип алып, жыйынтыгын алып чыкса болбойт беле? 2010-жылы мародерчулук болгон, аны эч ким тарыхтан өчүрө албайт, жалгыз эле Бишкекте эмес, жер-жерлерде да болгон.  Бирок аны өз убагында иликтеп, мыйзам чегинде катышы барларды аныктоого эмне тоскоолдук болду? Аны компромат катары кармабай, точка койсо болот беле, ушул убакка чейин? Президентте бул боюнча далилдер барбы, ким жасаганын билеби – мыйзамдын колуна салып берсин. Мамлекет башчысы менен бакандай саясатчы абысын айтыш кылып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, улам бири маалыматтарды чубап башташы бул жакшы жорук эмес. Абдан терең кетип калды. Аягы эмне менен бүтөт, күтө туралы.

Текебаев деле 5-чакырылыштагы парламентке эки жолу конституциялык мыйзам долбоорун алып чыккан. Конституциялык мыйзам көпчүлүк 80 добуш менен өткөндүктөн, жетиштүү колдоо тапкан эмес. Депутаттардын баары эле мыйзам долбоорун жиликтеп окуп чыгып, анан каршы болот дейсиңерби. Арасында жогору жактан буйрукту күтүп турушкандар бар. Айтайын дегеним, президент айтып атпайбы – “Баш мыйзамда “мина” бар, аны көрүп туруп, бийликтен унчукпай кетип калалбайм” деп, анда эмнеге ошол “ минаны” Текебаев экөө ынак болуп турганда “жок кылып коёлу, жарылып кетсе чатак болот” деп бир чечимге келе алган жок. Булардын “минасы”   жарылбай эле 5 жыл өттү го, акыркы жылында абысын айтышка түшкөндүн өзү туура эмес болуп калды.

– Текебаев Атамбаевдин бийлигин бекемдөөгө эбегейсиз салым кошконун айтып чыкты. Эми ошол өзү бекемдеген бийликти кайра өзү бүлгүнгө учуратканга күчү жетеби?

– Текебаевдин билдирүүлөрүнөн улам ушул убакытка чейин Конституциясы жок эле бийлик жүргүзүп келишкени маалым болду. Ал  айтып атпайбы, “өкмөт башчы президентке жакпай калса, мени чакырып, “кетир” десе кетирип берчүмүн” –деп. Ошол эле убакта өзүнө жакпаган опоненттерин каматышканын сөз кылды. Ушундай жобо кайсы мыйзамда бар. “Атамбаев айтканды, Текебаев барып чаап салсын”- деп Башмыйзамда жазылыптырбы? Бабанов президентке жакпаптыр, Текебаев айдаптыр, Сатыбалдиев да жакпай калган экен, анын да айласын Текебаев тааптыр. Коалиция бузулуш керек болсо – эч себепсиз эле бузулуп атты. Келдибеков “камалыш керек” деп камалыптыр. Ошентип атып беш жылда беш өкмөт алмашты. Баш мыйзамда жазылган өкмөттү парламент курайт, ошол эле мезгилде “өкмөт парламенттин алдында отчет берет” деп турат, кеткен өкмөттүн бири парламентке отчет бердиби?  Бизде премьер алмашкандай байпакты да  алмаштырбайт. Көрсө биз Конституциясы жок эле, Текебаев деген эле түшүнүк менен жашап келиптирбиз да. Андан ары бир жыл деле чыдап коюшса болмок. Негизи бул тирешүүдөгү экөө  тең күнөөлүү. Текебаевдин айткандары кыйшайуусуз ишке ашып, ошол эле мезгилде “Атамбаевдин бийликте турганына эбегейсиз салым коштум” деп жүргөн. Арийне, президенттин Конституцияны өзгөртүү демилгеси ортого от чачты. Мындай учурда күчтүү саясатчы кандай кадамдарга бараарын өзүңөр жакшы билесиңер. Андан дагы 31-августта айтылган сөз “чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” болуп, андан бетер “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, ачуусун калыңдатып жиберди.

– Текебаев менен Атамбаевдин кайым айтышына коомчулук шектүү карап турат. Бул тиреште жеке кызыкчылык орун алган дегенге болобу?

–  Түшүнгөнгө – экөөнүн тиреши пикир келишпөөчүлүктүн кагылышы А Конституция болгону  ортодогу курал. Бири-бирине сыртын салып, тил табыша албай, кандайдыр бир кайчы пикир  пайда болуп жарака кеткен го, эми минтип айыгышкан кармашка өтүштү. Бул жерде мамлекет башчыда да, чырылдап аткан Текебаевде да кандайдыр бир деңгээлде биз билбеген жеке келишпөөчүлүк бар.

– Атамбаев-Текебаев тирешинин кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

– Президенттин аянттагы билдирүүсү Кыргызстан эле эмес, интернет аркылуу бүт дүйнөгө тарады. Эми аны тастыктап, керек болсо мыйзам чегинде баа берүү керек. Керек болсо мародёрчулуктун дарегинен бери, “ким башында турганы боюнча далилдер бар” деди. Текебаев да “эркек болсоң тап”, – деп маселени кабыргасынан коюп, Атамбаевдин Кой-Таш айылына салынып аткан ак сарайынан баштап Дастан” ЖАК  жерин менчиктештирүү, алып-сатууга чейин изилдеп, анын кандайча Атамбаевге өтүп калганын жиликтеп атат. Президенттин айткандары дагы мыйзам чегинде иликтениш керек. Айтор, эки тарап тең өз билдирүүлөрүн аягына чыгаруулары керек.  Бирок мен бир нерсени сезип атам, алдын ала көзү ачыктык кылбайын, ыңгайлуу мезгилди, сүйлөшүү аянтчасын издеп атышат го  “Саясатта достук жок, кызыкчылык бар” дегендей, “сенден мага, менден сага” деген соодалашуунун болушу дагы бир вариант.

– Текебаев учурдагы президентти кылмышка айыптады, аны далилдөө кыйын болуп калбайбы?

– Текебаев билдирүүлөрүн бир топ далилдер менен айтканга аракеттенип атат, ошол эле мезгилде ар бир сөзүндө “мен аны менен бир жылдан кийин сүйлөшөм” деп кыстарып коюп атат. Кыргызстандын тарыхында болду беле бийлик башында тургандар менен ага каршы чыккандардын чырынын аягына чыкканы? Текебаевге караганда Атамбаев “айткандарымдын аягына чыгам” десе, ишке ашып калышы мүмкүн. Текебаевди “камайм” десе эртең эле камап коёт. Бирок, так далилдер болбосо, “камап, элди тынчытам” деп ойлобош керек, куру жалаа менен адамдарды каралоонун арты кандай болоорун сезип калышкандыр.

– 5-чакырылыштын ишмердүүлүгү учурунда Батукаев абактан чыгарылды. Депутаттык комиссия да түзүлүп, бул ишти иликтөөгө алганы менен жыйынтык чыкпаган бойдон калган. Текебаев бул кылмышерди “Атамбаевдин буйругу менен чыгарышкан” деп айтып чыкты. Сиздер мамлекет башчысынын бул ишке катыштыгы бардыгын билген белеңиздер?

– Мен Текебаевди саясатчы, адам катары сыйлайм, бирок бир топ кадамдарына таң калам. Батукаевдин маселеси парламентте каралып атканда, демейде эч кимди алдына өткөрбөгөн эмоциясын жутунуп, ал тургай залдан акырын чыгып кетчү. Президенттин буйругу менен болгонун билген экен, Атамбаев менен ынак болуп, Конституцияны сандыктарына салып коюп, мамлекетти өздөрүнүн мыйзамы менен башкарып атканда бир ооз “Жогорку Кеңеште катуу талкуу болуп атат, жогору жактан кимдин көрсөтмөсү аткарылганы белгилүү болуп калды, бул кылганың туура эмес”, – деп айта алды бекен? Депутаттык комиссия “үч күндө өлөт экен” деген тыянак чыгарып салганда стенограмманы көтөрсө болот, мен: “Батукаев өлбөйт, шашпай тургула, далайларды лезгинка бийлетет” деп айткам. Ошондой эле болду го акыры. Мына бүгүнкү күнү да негизги компромат катары көтөрулүп жатат. Батукаев кримавторитет, Жогорку Кеңештин депутатын мууздап койгон адам. Аны абактан чыгаруу түрмө башчысынын, Нарын сотунун, же Саламаттыкты сактоо министрлигинин эле колунан келе койчу нерсе эмес. Бул жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилген нерсе экени ошондо эле түшүнүктүү болгон экен да. Мен аны чыгарууга Атамбаев күнөөлүү болсо, аны билип туруп айтпай койгон Текебаев да күнөөлүү дейт элем. Эгер Батукаев боюнча Атамбаевге күнөө тагыла турган болсо, Текебаевге да коюлушу керек, анткени билип туруп учурунда айтпай койгону кылмыш, Кылмыш-Жаза кодексинде буга атайын берене бар!

– Атамбаевдин Америкага сапар тартып бараткан жеринен ооруп калганы коомчулукта ар кандай кабыл алынып атат. Анын оорусун саясатка байланыштыргандар да жок эмес. Бул тууралуу эмне дейсиз?

– Интернеттен президентти замбилге салып алып баратышкандагы жүзүн көрүп “ооруп атат” деген маалыматка мен ишенип эле турам. Ден-соолугун саясат үчүн оюнга аралаштырбайт болушу керек, кантсе да мамлекет башчысы эмеспи. Анын үстүнө ЕККУнун жыйынына бараткан, ал жакта маанилүү маселелер талкууланып, жолугушуулар да болмок. Ал да пенде, тиреш күчөп атса,   жүрөгү темирден бүткөн эмес да. Бир гана нерсе – президенттин жансакчылары ошол көрүнүштү видеого тартууга жол бербеши керек эле, бул нерсе менен өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги адис эместигин билдирип коюшту.

– “Атамбаевди көп жылдан бери жакындан билем” деп калдыңыз. Болот Шер президентти “психикалык жактан оорулуу” деп маалымат булактарына айтты. Чын эле ошондойбу?

– Болот Шер анысын билет экен, эмнеге Бакиевди кетиришип, бир команда болушуп, бир ашканадан тамактанып атышканда, “Алмазбек, сенин психикаң жабыркап калган, бийликке келбей эле койгонуң жакшы”, – деп айтпады? Эч кандай далили, адистердин корутундусу жок мындай диагнозду болгондо дагы өлкө башчынын дарегине айтуу менин оюмча өзүн сыйлаган адам үчүн осол иш. Атамбаев болгону эмоционалдуу, оюнда болгон нерсени айтыла турган, айтылбай турган жер деп ылгап отурбай айтып таштайт. Анан ошол мүнөзү үчүн эле “оорулуу” деп айта берүү болмок беле, оорулуу кандай болоорун башка билбесе да Болот Шер жакшы билет болуш керек.

– “Отунбаева Европага жумуш издеп кетти” деп айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анын өлкөдөн кетүүсүн президент менен карама каршылыктын жаралышына байланыштырууга болобу?

– Ал ЕККУнун качкындар боюнча чоң жыйынына катышып жатканын окугам. Негизи Отунбаева БУУнун астында качкындар боюнча иш алып баруу жаатында бир топ жыл иштеген, анын ичинде Кавказда качкындар менен иштешип, бул жааттагы маселелерди жакшы билет. Андыктан, ага ошол жактан кызмат сунуштап, чакыруу түшкөн болушу дагы мүмкүн. Өлкөдөн качып кетишине себеп деле жок. Тескерисинче, өткөөл мезгилдин президенти катары саясий акыбал боюнча сунуш, пикирин, көз карашын чагылдырып турганы оң. УӨнүн жасаган иштери, кетирген кемчиликтери боюнча ал киши көп нерсени билсе керек.

– Парламентте коалициянын тагдыры бүдөмүк болуп турат. Кандай ойлойсуз, тарап кетиши мүмкүнбү?

– “Коалициядан чыгып кет” деп эч ким мажбурлап чыгара албайт, андай норма Баш мыйзамда да, ЖКнын регламентинде да жок. Мисалы, фракциядан өз чечими менен чыгып кетсе болот. Коалициянын башкы бутагында турган эки фракциянын эки башка ойду карманып атканынан улам тарап кетүүгө негиз бар деп айтууга болот. Эки башка позицияны карманып, анан “бир коалициядабыз” деген болбойт. Бул жасалмалуулук болуп калат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган болгондон кийин баары мыйзам чегинде жасалашы керек. Жөн эле элге көрүнүп, жалпыланган түрдө мен коалициядамын деп айтуу туура эмес. Өмүрбек Чиркешович бул нерсени өзү да түшүнүп, бир буту сууда, бир буту отто турган абал пайда бербешин жакшы эле түшүнөт. Азыр “парламент тарайт экен” деген да сөздөр айтылып атат. Мындай сөз 5-чакырылышка да беш жыл бою айтылып келген. Бирок, анда бүгүнкүдөй чыңалуу болгон эмес. Ошондуктан, учурдагы саясий акыбал бардык суроонун жообун убакыт гана бере турганын шарттап койду.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: