Menu

“Бир дүйнө – Кыргызстан”: Эки отчетту экстремисттик деп тапкан сот чечими мыйзамсыз

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь райондук соту укук коргоо уюмдары биргелешип иштеген эки отчетту экстремисттик деп тапканына “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюму нааразылык билдирип жатат. Тиешелүү чечимди райондук сот былтыр чыгарганын уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, уюмдун өкүлдөрү соттун чечимин капыстан мониторинг жүргүзгөн учурда билип калган. Сотко уюмдун өкүлдөрү чакырылган эмес. Чечим алардын катышуусуз кабыл алынган.

– Биринчи отчет Ош коогалаңы тууралуу. Аны Норвегиялык Хельсинки комитети, “Мемориал”, “Фридом Хаус” укук коргоо уюмдары 2010-жылы даярдаган. Биз алардын талкуусуна катышканбыз. Бирок отчетко катышкан эмес. Ачылышы болуп, президенттин администрациясы катышкан. Өкмөт ал отчетко ыраазычылыгын билдирген. Виталий Пономарев деген эксперт өкмөт менен жолугуп, анын кеңештерин угушкан. Экинчи отчет Орусиядагы миллионго жакын, Казакстандагы 300 миңдей мигранттар жөнүндө. Мигранттардын 40 пайызы аялдар экени, ташталган балдар көбөйгөнү, иштегендер маянасын жакшы ала албай жатканы, Орусия менен Казакстанда зомбулук болуп жатканы, бирок эки өлкө тең эл аралык миграция конвенциясын бекитпей келгени камтылган. Анын үстүнөн Женевада биздин өкмөт менен акылдашып, консулдар менен иштеп, бюджеттен акча бөлдүрүп шериктештикте иштегенбиз. Алар биздин отчетторду кабыл алышкан. Быйыл Юстиция министрлигинен экстремизм тууралуу талдоо жүргүзүп жатып, №26 номур менен бизди тизмеге кошуп койгонун билип калдык. Анда “Мемориал”, “Фридом Хаус”, Норвегиялык Хельсинки комитетинин эки отчету “экстремисттик” деп табылганын көрдүк. “Пономарев менен “Мемориал” Кыргызстанга киргизилбесин” деген чечим бар экен. Биз аны билген эмеспиз. Мартта таап, изилдеп, Юстиция министрлигине, Башкы прокуратурага кайрылдык. Башкы прокуратура бүгүнкүгө чейин бизге жооп бере элек. Анткени мыйзамдын баары тепселген. Соттун 5-июлдагы чечими да кызыктай болуп атат.

Аталган уюм Октябрь райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 5-июлда шаардык сот “даттануу убагында берилген эмес” деген негизде аны канааттандыруудан баш тарткан.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” апелляциянын өз убагында берилбегенине жүйөлүү себеп болгонун билдирүүдө. Уюм Бишкек шаардык сотунун доо арызды канааттандырбай койгонун “мыйзам бузуу” катары баалап, Жогорку сотко кайрылганы жатат. Укук коргоо органдары уюмдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: