Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мамлекеттин менчигинде турган «Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплекси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ