Казакстанда сот Актөбөдөгү куралдуу кол салуунун жети катышуучусун өмүр бою эркинен ажыратты. “Интерфакс” кабарлагандай, дагы эки адам 22 жана 25 жылга түрмөгө кесилди.
Актөбөдө 5-июнда ондогон киши курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң аскер бөлүгүнө кол салган. Террорчуларга каршы операция учурунда кол салгандардын бир бөлүгү (расмий маалыматтар боюнча 18 адам) өлтүрүлгөн.
Кандуу окуя маалында төрт жай тургун жана үч аскер кызматкери дагы көз жумган. Жоопкерчиликти “Казакстанды куткаруу армиясы” аттуу топ өзүнө алган. Бирок казак атайын кызматы мындай уюмдун жок экенин билдирген.
Бийлик кол салуунун теракт катары мүнөздөгөн. Казакстан Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик төнкөрүш аракетине бөгөт коюлганын жарыялаган. УККнын ырастоосунда аны өлкөдөгү белгилүү ишкер Тохар Тулешов жетектеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ