Menu

Ташкент аэропортуна Каримовдун ысымын берүүгө каршылар чыгууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын эл акыны Жамол Камол (Камолов) Ташкент аэропортуна өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун ысымын берүү тууралуу жарлыкты жокко чыгаруу өтүнүчү менен президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды.

77 жаштагы акындын пикиринде, Ислам Каримовдун ысымын түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү документке шашылыш кол коюлуп калган. Ансыз деле президенттин аты музей, сейил бак, окуу жай, уюмдар жана көчөлөргө берилүүдө.

«Мынчалык урмат көрсөтүүнүн өзү жөндүүбү? Анын ысымын Ташкент эл аралык аэропортуна ыйгаруу сунушу болсо өтө эле ашыкча болуп калган», – деди Камола.

25-майда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун ысымын түбөлүккө калтыруу тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык, Ташкент техникалык университети, Аскадагы автоунаа заводу, Ферганадагы Маданият ордосу жана Ташкенттеги эл аралык аэропорт өңдүү өлкөдөгү бир катар мекемелер менен объектилерге Каримовдун ысымы коюлат. Ошондой эле республикада жыл сайын Каримовдун туулган күнү (30-январда) белгиленет. Андан сырткары 2-сентябрь Биринчи президентти эскерүү күнү деп жарыяланган.

Өзбекстанды 26 жыл башкарган өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримов өткөн жылы 2-сентябрда 78 жаш курагында көз жумган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: