Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, жумушчу сапары менен Жалал-Абад шаарына барып, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ички жолдорду оңдоо, социалдык объектилерди куруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун аткарылышы, парк зоналарын көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу башка долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын ичинде санариптештирүү жөнүндө айтып берди.

Мындай долбоорлордун ичинде Жалал-Абад шаарындагы № 6 бала бакчанын жаңы имаратын куруу бар.

Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин дээрлик жарымынан көбү жасалып, мектепке чейинки мекемени үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков жер-жерлерде инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана саламаттык сактоонун жаңы объектилерин куруу, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында башка долбоорлорду ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турганын белгиледи.

Буга байланыштуу мурда пландалган бардык долбоорлордун сапаттуу жана убагында аткарылышына кылдат көңүл бурууга чакырды.

Мамлекет башчысы мамлекеттик саясаттын башка артыкчылыктуу багыттарынын катарында  балдарды колдоо жана балалыкты социалдык жактан коргоо белгиленгенин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик түзүмдөр социалдык-экономикалык жана башка маселелерди чечүү менен катар, баланы тарбиялоо жана өстүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү унутпоо керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: