Menu

Видео – Соль-Илецкиден келген жарандар обсервацияда жаңжал чыгаргандан кийин үй карантинине жиберилдиби? – Министрликтин жообу

Бөлүшүү:

Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды үй карантинине жиберүү алардын нааразычылыгынан эмес, иш-аракеттердин алгоритмине ылайык жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Жаңжалдын айынан жарандар обсервациядан бошотулду деп айтуу туура эмес. Иш-аракеттердин бардыгы алгоритмге ылайык өтөт. Элдин нааразычылыгын билдирип жатканы башка маселе. Биз жерине барып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бул жарандардын маанайына көз каранды эмес” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Ал ошондой эле, күн мурун “Семетей” обсервациясындагы маселелер чечилип, түшүндүрмө берилгенин кошумчалады.

“Аларды үй карантинине жиберүү маселеси алардын чыдамсыздыгын билдиришинен же козголоң уюштуруп жаткандыгынан көз каранды эмес.

Биз алгоритмге ылайык иш алып барабыз. Обсервацияда жаткысы келбеген адамдар да бар, бирок андан эч нерсе өзгөрбөйт. Биз обсервациянын эрежелерин сакталышын талап кылабыз” – деди Үсөнбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: