Menu

Видео – Россиядан келишип, Бишкектеги обсервациядан жаңжал менен үйлөрүнө чыгып кетишкен Таластын 51 тургунун Таласта чокуга коюп, кайра обсервацияга жаткырышкан

Бөлүшүү:

7-майда ызы-чуу менен Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны алып келинип, Бишкектеги “Семетей” обсервациясына 14 күнгө жаткырылган.

Алардан анализдер алынып, жалпысынан 104 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте ооруканаларга бөлуштүрүлгөн.

18-майда “Семетей” обсервациясында жаткандар 14 күн мөөнөттү күтпөй, үйлөрүнө чыгарууну талап кылып,  чыр чыгарышып, дарыгерлерди сабап, аларга таш ыргытышып, “тез жардам” машинасын оодарып салууга аракет кылышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги да 18-майда мыйзамдуу 14 күндүк  обсервацияны күтпөй, аларды үйлөрүнө чыгарууга аргасыз болгон.

Алардын ичинен Таласка келген 51 таластык тургунду Талды-Булак постунан тосуп алган жергиликтүү адистер Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорундагы обсервацияга жаткырышкан. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдирүүдө.

Сөзгө көнбөгөндөрүн чокуга коюшуп жаткырышканы да айтылууда. Азырынча алар Бишкекте өтөбөй калган мөөнөттү эске алып, обсервацияга 5 күнгө киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: