– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби?
– Ооба көптөгөн чоң мамлекеттерде коррупцияга бөгөт коюучу мыйзамдарды бекемдеп, катуу көзөмөлдүн негизинде коррупцияны тыйышкан. Бизде да так ошондой жол менен тыйса болот. Бирок, ал үчүн эң биринчи президент катуу киришиши керек. Аны менен күрөшүү эркти, чоң күчтү талап кылат. Ошондой эле коррупцияга бөгөт коючу мыйзамдар толук ишке кирип, андан жыйынтык чыгыш үчүн убакыт керектелет. Коррупция менен күрөшкөн тармактын жетекчисин кызматтан алуу аздык кылат.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ