Menu

Элге жакын генералдын алгылыктуу иштери

Бөлүшүү:

Мезгилдин талабы аткарылбаса ал тармактын кадыр-баркы өспөйт. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, беш күн мурун Республиканын Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун жарандарын кабыл алды. Жеке кабыл алуу учурунда жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрүн угуп, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги М. Нурдинов менен Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги М. Бороновго тапшырма берип, көйгөйлөрдү мыйзамга ылайык ыкчам чечүүлөрүн талап кылды.

Жалпысынан кабыл алууга 24 жаран келип, алардын көпчүлүгү туугандарына байланыштуу козголгон иштерди акыйкат чечип берүүнү суранышса, айрымдары тескерисинче жабыр тарткан тараптын туугандары болуп, күнөөлүү адамдарды катуу жазага тартып берүүнү өтүнүшкөн. Андан сырткары, Ош шаарындагы социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүсү боюнча дагы маселе козгошту. Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү кайрылуулардын көпчүлүгү жеринде чечилип, калган арыздарды тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөрүн билдирди.

Жарандар ИИМдин жетекчисине жеке кабыл алуу менен кайрылууларын, арыздарын, андан сырткары көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечип бергендиги үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Негизинен элдин суроо-талабын аткарууга башкы көңүлдү бурган генерал Сүйүн Өмүрзаковго болгон ишеним улам барган сайын артып баратат. Ошондуктан калк арасында “элдик генерал” деген сыймыктуу атка конгону жакшылыктын жышааны эмеспи? Көрсө талыкпаган эмгек, адилеттүү кадамдар, жөнөкөйлүк сапат жетекчинин зоболосун бийиктетет турбайбы. Бар болуңуз элдин жылуу пикирине арзыган генерал, Сүйүн Өмүрзаков!

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: