Бүгүн, 6-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 439 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 166, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 55, Ош облусунан – 24, Талас облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 45, Жалал-Абад облусунан – 52, Баткен облусунан – 52, Нарын облусунан – 11 катталган.
Муну менен жалпысынан 61 748 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 512 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 52 855ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 118, Ош шаарынан – 33, Чүй облусунан – 57, Ош облусунан – 77, Талас облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 23, Жалал-Абад облусунан – 108, Баткен облусунан – 86.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Бишкек шаарынан 3 адам каза болду. Жалпы саны 1170ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ