Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын 2019-жылкы Азия Кубогуна даярданышы үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн.
Бул тууралуу кечээ, 12-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясында агенттиктин Өнүктүрүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков маалымдады.
Анын айтымында, акча каражаты улуттук кураманын Азиянын башкы турнирине татыктуу даярдык көрүшү, команданын рейтингин колдоо максатында бөлүнгөн.
Кыргызстан курамасы ушул жылдын октябрь айында Малайзияга, ноябрда Японияга барып, 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин ОАЭде өтө турган Азия кубогунун финалдык стадиясына даярдык машыгууларды, жана анын алкагында жолдоштук беттештерди өткөргөн. Ушул тапта Катарда жыйынтыктоочу окуу-машыгуу даярдыктары жүрүүдө.
ФИФАнын рейтинги боюнча, Кыргызстан курамасы азыр дүйнөдө 91-орунда турат. Бул көрсөткүч – мурдагы СССР республикаларынын ичинен Россия, Украина, Беларустан кийинки 4-орун.
Кыргызстан футбол курамасы Азия кубогуна алгачкы ирет жолдомо алды. Ал эми ага даярдыкка бөлүнгөн 10 млн. сом анчалык деле чоң сумма эмес. 10 млн. сом Жогорку Кеңештин 10 депутатына мамлекеттик бюджеттен бир жылда коротулган акча каражатынан кыйла аздык кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ