Menu

Талант Сыдыкназаров, №6-тиш дарылоо бейтапканасынын врачы: “Тишин бир айда бир жуугандар бар”

Бөлүшүү:

Адам үчүн дүйнөдө бардыгынан кымбат нерсе – ден соолук… Көкүрөктөгү бардык асыл тилектерди ишке ашырыш үчүн адамдын ден соолугу чың, акылы сергек, күч-кубаттуу болушу зарыл. Ден соолукка кам көрө албаган адам турмушунда эчен ирет тоодой тоскоолдуктарга бет келмекчи. Ал эми адам организминде бир гана нерсе керектен чыкса өөрчүп отуруп, башыңа ар балээни үйөөрү бышык. Элибиз эзелтен «жумшактан ич, катуудан тиш оорубасын» деген. Ашказандан тартып денедеги көптөгөн дарттарды козгой турган нерсе тиш оорусу болуп саналат. Азыр айланабызда адамдык баалуулуктар унутта калып, жалаң көр дүйнө кубалаган заманда тишиң болбосо ишиң болбосун дегендей бир заманга туш келип отурабыз. Тишиң жокпу, тамак жегенди бери кой, ээн-эркин күлгөндөн да айбыгасың. Бу сапар адам ден соолугу үчүн кам көргөн Бишкек шаарынын №6 тиш дарылоо бейтапканасынын 1-категориядагы врачы Талант Сыдыкназаров менен жолугуп, тишке болгон көпчүлүктүн көңүл кош мамилеси жана тиштеги дарттар туурасында азыноолак кеп курган элек. Талант мырза он сегиз жылда эчендеген адамдардын тишин дарылап, алардын ден соолугуна кам көрүп келет. Биз барган кезде жаңыдан билим алып келип ушул кесипти аркалайм деген Чынара Шабданалиева аттуу карындашыбыз да тажрыйбалуу дарыгер Талант мырзадан көп нерсени үйрөнгөнгө далалат жасап атыптыр.

—Талант мырза, качан ооздогу отуз эки тиштен экиси калганда гана кайрылышкандар биздин кыргыз эдинде эде кездешеби же башка улуттар да тишке ушундай кайдыгер мамиле жасайбы? Калкыбыз тишин да ойлойт, ишин да ойлойт деп айта аласызбы?

—Мен мурда айыл жергесинде да иштеп келгем. Эми салыштырып айта турган болсок, чынында элет жергесинин тургундары шаардыктарга салыштырмалуу тишке жакшыраак кам көрөт деп айтуудан алысмын. Шаардыктардын тишке карата жасаган мамилеси элеттиктерден кыйла жогору экенин байкадым. Шаар тургундары тартипке баш ийип, баланча убакытта келип тишиңди дарылатып турасың десең, айткан мезгилде жетип келет. Ал эми элетте эртели-кеч бүтпөгөн көр тирилик менен алпурушуп атып ден соолукка кам көргөндү да унутуп коюшат. Үйгө барганда тишке мындай мамиле жаса, муну колдон деп дары жазып берсең эшикке чыгат да унутуп коет. Ушунусу өкүнүчтүү. Ооздун көркү тиш болгондон кийин тишке өтө аяр мамиле жасалышы керек. Тишке шалаакы мамиле жасасаң акыры жүрүп олтуруп бир катар дарттар пайда болот. Ошон үчүн ар бири тишин сактаганды билсе, ден соолугу да чың болот. Эн жөнөкөй эле мисал, тамакты өтө ысык же өтө муздак ичкенден алыс болсок. Тамак ичилип бүткөндөн кийин тишти жуугандан эринбесек. Мурда эки маал тишти жуугула десе, азыр дүйнөлүк медицина түшкүсүн да жуугула, үч маал жуулушу керек деп айтып атышканы бекеринен эмес. Бизге келишкен пациенттерди карап олтурсаң жапжаш эле отуздагы жигиттердин тиштери тушуп калган. Парадонтоз деген оору менен жабыркашкан. Көрүп туруп көөнуң ооруйт. Тоону томкоруп, таш чайнай турган куракта тиштеринен ажырашкан. Эми сурооңду улай тишке башка улуттар да биздей кайдыгер мамиле кылабы дегенге жооп берсем, ооба, бир топ жылдык тажрыйбадан байкалгандай тишке кайдыгер караган биз эле эмес, башка улуттарда да кездешпей койбойт. Биздин бейтапканага Казакстандан да келиптиштерин дарылашат. Аларда деле ушундай көйгөй. Тиштери түшүп калган. Ал эми шаарыбыздын чет жактарындагы орустардын деле оозун карасаң тиштери түшкөн. Жыйынтыктап айта турган болсок, жеке эле биздин элибиз эмес, башка улуттарда ушул терс көрүнүш орун алган. Бул нерсе адамдын жеке өзунөн таасир этет го. Тишин сыйлабаган адам демек, өзүнө илээнди мамиле жасаган адам десек туура болот.

—Гингивит, пародонтит, пародонтоз дарттарынын келип чыгышы тууралуу айта кетсеңиз?

—Гингивитке чалдыккан адамдын оозунан жагымсыз жыт келет. Тишин жууганда канайт. Экинчиси пародонтит – тиштин эттери качып ар дайым канайт. Пародонтиттен соң пародонтоз дарты келип чыгат. Ушунун баары эле биз жогоруда кеп кылган эле өздүк гигиена. Тамак жегенде тиш керек да, башка учурда кереги жоктой мамиле жасагандан. Тишин бир жумада бир, ал тургай бир айда бир жууган адамдарды кездештиресиң. Тиш пастасы менен тиш щеткасын унутуп койгондор кездешпей койбойт. Арак менен тамекиге табылган акча кантип өзүнүн ден соолугун сакташ үчүн жумшалбайт. Ушуга таң калам. Мисал катары бир классташымды алайынчы, атын атабай эле коеюн, азыр ал күлгөндө оозунда эки-үч тиши калган. Бирок, ал дале тиш салдырып алгандан эринип жүрөт. Үстүндө үйү, короо толо кою, астында машинеси туруп бир канча ирет ден соолукка кам көрсөң боло деген кебим кулагынын сыртынан кеткен. Бул деле ошол биз айтып аткан эринчээктиктен, шалаакылыктан, кайдыгерликтен оозундагы тиштеринен бүтүндөй ажырап отурат. Ал классташым гигиенаны сактабай тишин жуубай жүрө берип аягы пародонтоз дартына чалдыккан. Эми кейиштүүсү тиштери жок калды. Пародонтоз тиштин түшүшүнө алып келет. Демек, ар бир адам биринчи кезекте гигиенаны бекем сактасын. Бир жылда эки-үч ирет пародонтологго кайрылып пародонтозго каршы дарыланып турса. Тиштеги дарт адамдын ашказан дартына алып келет. Тишин карабаган адам өзүн да карабайт деп эле түшүнгөн оң. Сакал-муруту өсүп, чачын тарабаган адам тишин карагандан деле эринет да.

—Гигиенадан тышкары да адам тишине терс таасирин тийгизген дагы кандай көрүнүштөр бар?

—Буга кошумча катары азыркы таптагы социалдык көйгөйлөр себепкер болууда. Стресске тушуккан адамдын нерв оорулары пайда болот. Анын кесепети тишке залалын тийгизет. Мүмкүн болушунча адам өзүн сергек алып жүрсө. Дегеле режимди сактаса. Кай бир адамдардын тиштеринин бузулушу тукум куучулуктан да десек туура болот.

—Ал эми азыркы тапта тишке имплантация жасоонун зыяны барбы?

—Жок. Имплантация жасатуунун эч кандай зыяны тийбейт. Ал айла кетип тиштери калбай калган кезде колдоно турган бир ыкма. Бир гана имплантация жасатуу чүн наркы 200 доллардан жогору болгондуктан буга да көпчүлүгүнүн чөнтөгү чак келе бербейт. Имплантат жасатуунун кадимки керамика койдургандан айырмасы жаактагы сөөккө винттин бекем орнотулгандыгында. Шарты болсо тишке имплантат жасатуудан зыян таппайт. Эгер дарыгердин айтканын аткарып, имплантат койдургандан кийин берилген көрсөтмөнү так аткарса…

—Ал эми поликлиникалардан тышкары жеке тиш дарылоочу жайлар шаарыбызда жайнап кетти. Аларга канчалык деңгээлде ишснсек болот?

—Бул эми ошол мекеменин жоопкерчиликти аткарып, тазалыкты сакташкандыгына байланыштуу. Кай бир базарлардагы тиш дарылачу жайларда пломбанын баасы 100 сомдон коюлганын угуп калам. Ар бир нерсенин өзүнүн наркы болот. 100-200 сомго жасаткан пломба бир айга жетпей түшүп калат. Демек, андай жайларда тазалык орун алганбы? Тазалык сакталса канчалык деңгээлде, оболу ушул өңдүү суроолорго жооп таап туруп, анан бейтапканаларга эле барган оң.

—Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде тиш дарылатуу кыйла арзан деп айтылат?

—Туура. Кыргызстанда тиш дарылатуу башка өлкөлөргө салыштырмалуу, мисалы Россияга караганда арзаныраак жана сапаттуу.

—Стоматолог болгон кирешелүү тармак деп жөндөм-шыгы жоктор деле медициналык окуу жайга тапшырып атышкан жокпу?

—Европада стоматологдор арасында өз өмүрүнө кол салуу абдан көп катталат. Анын көбү иш учурунда оорулуу адамга туура эмес мамиле жасап, аягы кейиштүү аяктаган окуялардан делип жүрөт. Ишиңде тактык болбосо туура эмес дарылагандын кесепетинен адам өмүрүнө коркунуч жаралат. Ал эми очойгон акча табат деген пикирге каршымын. Биздеги тиш дарыгеринин айлык акысы менен чет өлкөдөгү айлыкты салыштырып көрсөк. Тиш дарыгери болом деп алдыга максат койгон жаштар биринчи кезекте алдында  турган адамдын баарынан кымбат өмүрүн, ден соолугун ойлоп иштеши керек. Азыр мына, Чынара медициналык академиядан теориялык жактан жакшы билим алып келди. Эми бир жыл бизде интернатурада кызмат кылып, практикалык жактан өзүн калыптандырышы шарт. Качан колу эпке келип, ишеним арткан соң тишти дарылоого уруксаат берилет. Медицина өтө кылдаттык-ты тадап кылат.

Чынара Шабданалиева, №6 тиш дарыдоо бейтапканасынын интернатурадагы дарыгери:
—Бул кесипти тандап алганым үчүн өкүнбөйм. Медициналык академияны быйыл аяктап келип азыр Талант байкеден тишти дарылоонун жол-жоболору боюнча тажрыйба топтоп атам. Дарыгердин алгачкы милдети ооруган адамдын абалын жеңилдетип, толук сакайтыш. Ооруп турган адам жумшак мамилеге муктаж. Биздин кесипте ар бир кыймылыбыздан ката кетирбеш керек. Кудай буйруса, практикалык жактан көп нерсени үйрөнүп бүткөндөн кийин анан тишти дарылоого укук берилет. Тиши оорулуу адамды дарттан арылткан ардактуу кесипти тандап алганыма эч өкүнбөйм…

Маектешкен: Аман Иманалиев

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: