Menu

Атайын Нарындан келген айымдар ичеги-карын жууган жана жылаңач аялдын жоругу, “айылдык”, “мырктар” деген сөз жөнүндө ойлорун айтышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда “АКИпрессте” Нарын облусунан “Нарын облустук аялдар кеңешинин” мүчөлөрү келип, журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Дамира Өмүралиева, Гуля Усупова, Нуржан Түкүбаева жана Бактыгүл Жумабаева Г.Айтиев атындагы музейдеги “Кормилица” көргөзмөсүндөгү жат көрүнүштөр жана экс-президент Роза Отунбаеванын “айылдыктар”, “мырктар” деген сөзү тууралуу пикирлерин билдиришти.

Дамира Өмүралиева улуттук баалуулуктарга шек келтирилген эки нерсеге токтолду:  “Биринчиси – ичеги-карын жууп жаткан аял, экинчиси – жылаңач жүргөн аял. Ичеги-карын жууган аялдын эмнеси жаман? Ичеги-карын жууп, тазалап, андан даамдуу тамак-аш жасап келгенбиз. Муну мен басмырлоо элементи катары эсептейм. Жылаңач жүргөн аялдын эркин жүрүшү – бул биздин каада-салтка туура келбеген, жат көрүнүш. Андан тышкары, “боюмда алдыруу менин укугум”, “бир жыныстуу үй-бүлөгө макулмун”,-деп илинген плакаттар үй-бүлөнү бузуу деп эсептейм”,-деди.

Нуржан Түкүбаева болсо, батыштын саясатына жаштарды таасирленүүгө үндөп жатканына капа болду. “Эртең өзүбүздүн жаштарыбыз жалаңач баспайт” деп ким кепилдик бере алат?”,-деди.

Бактыгүл Жумабаева: “Аялдардын жылаңач басып, уят жерин көрсөткөнү туура эмес. Мындай жат көрүнүшкө УКМК менен ИИМ көңүл буруп, көзөмөлгө алышы керек!”,-деди.

Ал эми Гуля Усупова Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүнө токтолду. “Роза Отунбаева, сиз аялзатынын элечегин кийип, таанытып келгенсиз. Бирок, “айылдыктар”, “мыктар” дегениңиз туура эмес болуп калды”,-деди.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Дал ошол күнү жат көрүнүштөргө каршы акцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп, аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген. Анын эртеси, 3-декабрда министр Азамат Жаманкулов жат көрүнүшү жок феминнале улана турганын билдирген. Ага чейин ал тууралуу Роза Отунбаева оюн айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: