Бүгүн, 7-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 556 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 160, Ош шаарынан – 42, Чүй облусунан – 95, Ош облусунан – 54, Талас облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 40, Жалал-Абад облусунан – 91, Баткен облусунан – 50, Нарын облусунан – 7 катталган.
Муну менен жалпысынан 62 304 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 551 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 53 406га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 143, Ош шаарынан – 20, Чүй облусунан – 75, Ош облусунан – 95, Талас облусунан – 9, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 83, Баткен облусунан – 72, Нарын облусунан – 12.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Ош облусунан 2 адам каза болду. Жалпы саны 1172ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ