Бишкек шаарынын Чүй проспекти жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымы күйүп жатат. Өрттөн мурун катуу жарылуу да болду. Газ баллон жарылды көрүнөт.
Тилсиз жоо жанындагы жайларга да жабышып жатат. Учурда үч өрт өчүргүч бригада жалын менен кармашып жаткан кези. Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Видео:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ