Menu

Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга 43 автобус менен 2 457 кыргыз жараны кайтып келе жатат

Бөлүшүү:

Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга 2 457 жаран кайтып келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20 автобустан турган биринчи колонна 1 миң 101 жаран менен кечээ Россиядан Казакстанга чыгып кетти.

Бүгүн 23 автобустан турган экинчи колоннасы менен 1356 кыргызстандык жаран келе жатат.

Азыр эки колонна тең Казакстанды аралап, Кыргызстанды көздөй келе жатышат.

Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын орус-казак мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин жүрбөөгө үндөйт.

Ошондой эле Россия менен Казахстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн, Кыргызстанга Россиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын санын көбөйтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: