Menu

Донбасста абал курчуп, жоготуулар көбөйүүдө

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү эртең менен Донецктин четинде жайгашкан Авдеевка өнөр жай аймагында үч украина аскери курман болуп, ондон ашыгы жаракат алды. Расмий маалыматтар боюнча жекшембиде анда беш аскер кызматкери каза болгон.

Аталган аймакта абалдын курчушу жекшемби күнү башталган. Ок атууну баштоого Киев менен өзүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактын өкүлдөрү бири-бирин айыпташууда.

Украинанын Коргоо министрлигинин версиясы боюнча жекшембиге караган түнү украин армиясынын Авдеевканын алдындагы позициялары аткылоолорго дуушар болгон.Өз кезегинде Донецктеги «Бригада «Восток» ДНР» куралдуу тобунун түзүүчүлөрүнүн бири Александр Ходаковский Би-би-синин орус кызматына согуштук аракеттерди украина аскерлери баштаганын айткан.

Дүйшөмбү күнү Берлинде Украина президенти Петр Порошенко менен Германия канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу болгон. Анын жүрүшүндө кацлер Донецктеги окуялардын өнүгүшү боюнча тынчсыздануусун билдирип, абалды тынчтык жол менен жайгаруу үчүн Минк келишимдерин аткаруу зарыл экенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 98 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: