Канада бийлиги Квебек шаарынын жергиликтүү мечитиндеги кол салууну «мусулмандарга каршы багытталган террордук акт» деп атады.
Жергиликтүү полиция кылмышка шектелип эки киши кармалганын билдирди. Квебек мечитинин жетекчиси окуядан беш киши набыт болгонун айтууда. Маалымат каражаттардын билдирүүлөрү боюнча кеминде төрт киши мерт кеткен. Полиция азырынча каза болгондордун так санын билдире элек.
Квебектин премьери Филип Куйяр кол салууну «варвардык зомбулук» деп атап, ал «мусулмандарга каршы багытталган террордук акты» болгонун билдирди. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Twitter баракчасына окуяны коркоктордун кол салуусу катары сыпаттаган билдирүү жазды.
Reuters маалымат агенттиги күбөлөргө шилтеме кылуу менен мечитке чогулган 40ка жакын адамга карата куралдуу үч адам ок чыгарганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ