25 жылдык тыныгуудан кийин Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы аба каттамдар кайра жанданат. Бул тууралуу Тажикстан борборундагы эл аралык аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-февралдан тарта Ташкент-Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү-Ташкент каттамы боюнча учуулар аптасына эки жолудан «Сомон Эйр» жана «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниялары тарабынан аткарыла баштайт. Учурда ал каттамдар үчүн билеттер сатыла баштады.
Эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы, анын ичинде Ташкент-Дүйшөмбү түз аба каттамдары 1992-жылы, Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон. Андан бери жарандар бири-бири менен унаа жолу же үчүнчү өлкөлөр аркылуу аткарылган аба каттамдары менен байланышып келишкен.
Түз аба каттамдарын жандандыруу сунушу тараптардын делегациялары тарабынан түрдүү деңгээлде бир канча жолу талкууланган. Бирок бул маселе боюнча макулдашуу өткөн жылдын 30-ноябрында, Тажикстан менен Өзбекстан делегациясынын Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ