Menu

Кошелек “калың” чачууда…

Бөлүшүү:

«Кедейбиз дейбиз, бирок элибиз бай» деп оозун чойгондор бар. Албетте, байлар жок эмес. Бирок ошол байлар жалаң элдин канын соргон мителер экенин айткыбыз келбейт. Элдин жонтерисинен сыйрып алган акчаларын кайда чачаарын билбегендер четтен чыгат. Маселен, өткөндө бирөө коомчулукту таң калтырды, аукцион менен 1 миллион 700 миң сомго машинесине номур сатып алып. «Унаасына бир батирдин пулу менен номур алган бул кандай көпөс?» дегендер чыкты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бир батирдин баасына жеткен «01 777 ААА» деген номерди айтылуу Майрам Акаеванын «кошелегу» аталып жүрчү Мурат Малабаевдин сатып алганын, номерди өзүнө каттатпай башка бирөөнүн наамына каттатып алганын уктук. Ырас, бир келген жашоодо жакшы жашаганга не жетсин. Анан да кыргызда «күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин…»  деп таамай айтылган сөз бар эмеспи. Бирок өз эмгегиң менен аракет кылып. Ал эми элди итке мингизген акаевдерге ар кимдин акчасын ташып жүргөндөр темир тор артына барбастан миллиондорго унаасына номур сатып алып керсейгендерин кантип түшүнсө болот? Же бизде баары боло береби?

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: