Бүгүн, 26-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 420 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 98, Ош шаарынан – 32, Чүй облусунан – 26, Ош облусунан – 51, Талас облусунан – 16, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 29, Жалал-Абад облусунан – 112, Баткен облусунан – 49 катталган.
Муну менен жалпысынан 56 170ке адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 279 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 47 050гө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 39, Ош шаары – 19, Чүй облусу – 20, Ош облусу – 31, Талас облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 55, Баткен облусу – 32, Нарын облусу – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен 1126 адам каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ