Menu

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери: “Бир тууган Матраимовдордун азыр кайда экенин билбейм”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери Мирлан Бакиров өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча журналисттерге түз эфирде комментарий берди.

“Шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгына ылайык, жараксыз деп табылды. Мен БШКнын отурумунун жыйынтыгына макулмун. Ошондуктан, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны болуп жатат. Мен регламент менен таанышып бүтө элекмин. Мен бул жерде VI чакырылыштын депутаты катары отурам. Элдин пикири менен макулмун. “, – деди Бакиров.

“Шайлоо таза өттү же ыплас өттү деп эсептейсизби?”, – деген суроого Бакиров аймактардагы шайлоочулар менен бошобой жүргөндүгүн айтты.

“Мен бардык шайлоо участкаларында болгон эмесмин. Бирок, албетте, болгон мыйзам бузуулар жөнүндө социалдык тармактардан жана БШКнын актыларынан билдим. Мындай майда мыйзам бузуулар өлкөдөгү башка шайлоолордо болгон. Бирок биз кысымга жана мыйзам бузууларга күбө болдук”, – деди ал.

Искендер менен Райымбек Матраимовдун азыр кайда экендиги тууралуу суроого Бакиров андай маалымат жок деп жооп берди.

Ошондой эле Бакиров бир туугандар Матраимовдорду жана президентти камакка алуу керектигине макулбу же жокпу деген суроого, баардыгы укуктук талаада чечилиши керек деп жооп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: