Сасык тумоого каршы эмдөөнү пландаштырылган контингенттин 28%ы алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Калктын социалдык аялуу катмарын эске алганда, эмдөөдөн өткөрүлө турган тобокел тобундагы адамдардын жалпы саны 900 миң адамды түзөт. Бүгүнкү күндө жалпы сандын ичинен 250 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Камтуу пландаштырылган контингенттин 28% түзөт”, – деп билдирди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ