Menu

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлер менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Бөлүшүү:
Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Covid-19 илдетин алдын алуу жана жайылтпоо максатында ачылган стационар, изоляция жана төрөт үйүндө иштеп жаткан дарыгерлерден кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мэр оор кырдаалда иштеп жаткан даарыгерлерге ыраазычылык билдирип, көйгөйлөрүн уккан.
“Биз ооруканаларда жана изоляторлордо иштеген медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, чечүү жолдорун биргеликте карап чыгуу үчүн кыдырып жүрөбүз. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 565 жаран жугуштуу оорунун артынан изоляторлордо жана ооруканаларда жатышат. Жалпысынан ооруканаларда, жеке клиникаларда, стационарларда 820 орун даярдалган. Илдетти биргеликте жеңүү үчүн коюлган эрежелерди так сактап берүү башкы милдет», – деди Т.Сарыбашов.
Текшерүү учурунда шаар башчысы барган ооруканаларда, төрөт үйүндө, изолятор катары ачылган жеке клиникаларда, стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине азык-түлүктөр таратылган. Дарыгерлер тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: