Menu

Базар-Коргон районунда 5000 орундуу жаңы мечит пайдаланууга берилет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков район аймагындагы жаңы салынган мечиттин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында, жаңы мечиттин жанында 100 жылдык тарыхы бар мечит болгон. Анын эскилиги жетип калгандыктан бузулуп, анын ордуна заман талабына ылайык, бардык шарты менен 2 кабаттуу мечит салынган.

“Ата-бабаларыбыздан калган эски мечит замандын талабына жооп бербей калгандыгына байланыштуу бузууга туура келди. Ордуна бардык шарты менен 5000 орундуу мечит салдык. Бир аз бүтпөгөн иштери калды. Жакынкы күндөрү эл кызматына пайдаланууга берилмекчи”,- деди Тынчтыкбек ажы.

Белгилей кетсек, мечит Сауд Араб Падышачылыгынын жараны доктор Саид тарабынан каржыланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: