Menu

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип жанын кыйгысы келген баланы милициянын кызматкерлери сактап калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте жаш жигит беш кабаттуу үйдүн чатырынан секирип, өз өмүрүн кыйгысы келген. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы маадымдайт.

Маалыматтар боюнча, болжол менен саат 16:30да жаш жигит борбор калаадагы Рыскулов жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирейин деген. Бул окуяга күбө болгон жарандар милиция кызматкерлерин жардамга чакырышкан.

Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу барган. Ошондой эле, жеринде ӨКМдин куткаруучулары, тез жардам дарыгерлери нөөмөттө турушкан.

Жерине келген милиция кызматкерлери өмүрүн кыюуга белсенген жаш жигит менен сүйлөшүп, сактап калышты.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: