Кыргызстандык белгилүү рэперлер #СИЛАГОЛОСА #ДОБУШТУНКҮЧҮ маалымат кампаниясынын алкагында жаштарды алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга жана добуштарын сатпоого үндөшөт.
Баястан, Фейджи жана Enot MC келечек ар бир кыргызстандыктын колунда болгондуктан туура тандоо жасоого үндөшөт.
“Кыргызстандын келечеги үчүн добушуңду сатпа,
Эркин добушуңду сатпа, чалкалап үйүңдө бекерден жатпа,
Андан көрө кел, биз менен шайла,
Өзүңдүн гана чечмимиң менен танда,
Элиң үчүн, жериң үчүн милдетиңди унутпа.
Бүгүнкү аракетиң сенин эртеңки келечегиң,
Келгиле баарыңар, куралы жаңы жашоо кайра” – деп ырдашат ырчылар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ