Бүгүн, 15-сентябрдын кечинде Бишкекте милициянын атайын даярдыктан өткөн өзгөчө бөлүгү “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун 6 мүчөсүн кармады. Бул тууралу биздин милициядагы маалымат булактар тастыктады.
Кармоо операциясы учурунда УКТнын кармалган 6 мүчөсү Бишкектин Ленин районуна караштуу Шота Руставели көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болушкан.
Кармалгандар “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун карамагындагы спортсмендер болгон. Алардан бир нече тапанча, автомат жана башка куралдар табылды.
Азыркы учурда тергөө-иликтөө иштери башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ