Москва облусундагы Фрязино шаарчасындагы бийик үйдүн 17-кабатынан Тажикстандын жарандарынын 4 жашар кызы кулап кеткен. 3-ноябрда “Ахбор” порталы маалымдагандай, кыздын ата-энеси кичинекей Салиханы 7-класста окуган улуусуна калтырып кетишкен. Улуусу телефон менен сүйлөшүп жатканда, Салиха олтургуч аркылуу терезеге чыгып, терезени ачып, карайм деп кулап кеткен. Ал газонго барып түшкөн. Бир аз болгондо, бордюрга тиймек экен.
Врачтар сол ийини сынып, ар кайсыл жери көгөрүп, эттери ооруксунуп калганын белгилешип, гипс коюшкан.
– Кыз жандандыруу бөлүмүндө, абалы стабилдүү, көзөмөлдөп жатабыз, – дейт Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Бул тажик мигранттарынын балдары ар кайсыл кабаттан кулаган биринчи окуя эмес. 10-19-сентярда Орусиянын ар кайсыл шаарларында үч бөбөк көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринен кулап түшкөн. Үчөө тең аман калган эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ