Menu

“Шайлоонун босогосу төмөндөбөсө, парламентти таркатуу боюнча демилге көтөрүп чыгабыз” дегендер кимдер?

Бөлүшүү:

“Азыр парламентте жалаң бай депутаттар олтурат, бийликтин жаңы партиясы качан пайда болот деп кезекке туруп калган кездери, пайда болсо эле, кошулганы жатышат. Азыркы парламент өткөн кезге кайтуу үчүн колунан келгенинин баарын жасап калды”, – дейт мурдагы экс-спикер Кубанычбек Исабеков журналисттерге берген маегинде.

“Азыр эсиме Атамбаевдин айткан бир сөзү келди, ал: “Парламентте көп партия болбошу керек” дебеди беле? Дал ушул Атамбаев колбала депуттарды каалаган. Президент алмашты, бирок Жогорку Кеңеш өз алдынча болгон жок. Эгерде шайлоодо парламентке кирүү босогосун төмөндөтпөсөк, кийинки шайлоодо деле эч нерсе өзгөрбөйт, шайлоочулардын үнүн эч ким укпайт. Чекти азайтуу менен депутаттардын бир бөлүгү райондордон өкүл болуп келгендей болушу керек. Бирок шайлоо мыйзамына өзгөрүү киришине ишенбей турам. Эгер шайлоо босогосу жаңы жылга чейин төмөндөтүлбөсө, мен жана бир катар саясатчылар, кайдыгер эмес жарандар Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча демилге көтөрүп чыгабыз. Азыркы чакырылыш өз миссиясын аткарбады. Көпчүлүгүнө эл нааразы”, – дейт ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: