Menu

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргызстан жана Тажикистандын чек араларынын жана атайы кызматтарынын өкүлдөрүнүн кызматтык жолугушуулары болуп өттү

Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында Кыргызстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын атайы кызматтарынын, ошондой эле чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул делегацияны Кыргыз Республикасы тарабтан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Тажик Республикасы тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектешти.

Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекетин чек арага жакын жайгашкан райондордун коопсуздуктарын камсыз кылуу болду. Жана ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө мекемелер аралык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуулар боюнча сүйлөшүүлөр болуп талкууланды.

Эки тарап эл аралык террористтик жана диний экстремисттик иш-чараларга биргеликте күрөшүү жана эки мамлекеттин чек арасын коопсуздуктарын камсыз кылуу боюнча кызматташтыкты бекемдөө керектиги боюнча макулдашышты.

Тажикстан Республикасынын жана Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик чек араларын аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынды.

Талкууланып жаткан маселелер боюнча бардык таптардын өз ара макулдашуулар жана бири-бирин түшүүнүлөр болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: