Menu

КР ТИМ Белорусияга Данияр Усенов боюнча нааразычылык нотасын тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-июлда КР Тышкы иштер министрлигине Белорусиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Иванов чакырылып,  Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Усеновдун Даниил Урицкий деген ысым менен ачыкка чыгып, Белорусиянын расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнүн чагылдырган белорус ММКларындагы маалыматтар боюнча Белорусияга нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Данияр Усеновдун Беларус Республикасынын аймагында жашап жатышы жана ишмердүүлүк жүргүзүшү таптакыр кечиримсиз. Сот жообуна тартылган Кыргызстандын мурдагы жогорку даражалу чиновниктерин расмий Минсктин колдоого алышы соңку мезгилде жанданып жаткан кыргыз-беларус мамилесине жана КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ уюмдарынын алкагында биргелешкен кызматташуусуна дагы бир жолу залакасын тийгизет. Ошондой эле бул кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратып, 2010-жылкы 7-апрель окуясында каза болгондордун жакындарынын жана жабыр тарткандардын жарасын козгойт. Кыргыз тарап Беларус Республикасын бул абалга карата мамилесин өзгөртүп, буга чейинки эки тараптуу кол коюлган документтердеги достук менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын принциптерине  ылайык мурун кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга дагы бир жолу чакырат”, – деп жазылган нааразылык нотасында.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 27-июлдун кечинде Белорусия маалымат каражаттары Минскиден анча алыс эмес Руденск шаарчасында жогорку технологиялуу өндүрүштүн толук циклин камтыган – буудайдан аминокислота өндүрө турган биотехнологиялык комбинаттын курулушу башталганын жарыялашты. Ал курулуп бүткөндө миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, жылына 100 млн доллар киреше таба турганын билдиришкен. Комбинаттын жалпы баасы 700 млн долларды чапчып, ага Кыргызстандын мурунку экс-премьер-министри Данияр Усеновго аябагандай окшош – Даниил Урицкий аттуу белорус жараны жетекчилик кылары белгиленген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: