Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президент Алмазбек Атамбаевге — Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштединиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз, — деди. Мына ошентип ар ким менен саясатта “никелешип” жатып, акыры Атамбаевге тизеледи. Антпеске аргасы да жок болчу. Ишенген Өмүкеси талаага таштап басып кетти. Эгер тизелебесе аз күндө фракция лидерлигинен кетмек. Тике туруп өлгөнчө тизелеп берген жакшы болду Төрөбаевге. Аттиң, кантип президент болом деди экен…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ