Menu

Жогорку Кеңеш ресурсун түгөтүп, элдин ишеничинен чыктыбы?

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде Жогорку Кеңештин дарегине карата ачуу сындар арбын айтылып жатат. Айрымдар ачык эле парламент ресурсун түгөтүп, эл ишениминен чыкканын коңгуроо кылып кагып, тараш керектигин билдиришүүдө. Биз бул маселе боюнча айрым аткаминерлердин оюн угуп көрдүк.

Камила Талиева, экс-вице премьер министр: “Өз деңгээлдерин аныктап коюшту”

-Жогорку Кеңеш элдин ишениминен чыкканын өздөрү сезсе жакшы болот эле. Алар ишенимден чыкканын моюндашпай жатпайбы. Башканы айтпай эле коелу, жаңы кодекстер менен эле өз ишмердүүлүктөрүнүн деңгээлин аныктап коюшту…

Табылды Акеров, саясат таануучу:  “Парламенттин чамасы чакталуу”

– Парламенттин чамасы чакталуу экени мурда эле белгилүү болчу. Булардын арасында депутат болом деген ой үч уктаса да түшүнө кирбегендери бар. Анан калса, парламенттин жүзүнө мурда жакшы карабай, Атамбаевдин бийлигинин кысымы менен кабыл алып койгон, жакында реализациялоого киргизилген 5 Кодекс менен 2 мыйзам көө сүртүп жатат. Булар да аны тез арада оңдой коюп өз жүздөрүнөн көөнү сүртүп салгандын ордуна мококтук кылышканы ого бетер парламенттин коомдогу беделин түшүрүп жатат. Парламент кезектеги шайлоо алдында бул мыйзамдарга карата 2020-жылга чейин оңдоого болбойт деп киргизилген «ветону» алып салып, аларды оңдоп жиберип эрдик көрсөтсө өздөрү үчүн да, эл үчүн да жакшы болмок. Мен парламенттин ресурсу түгөндү деп айткандан алысмын.

Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеңештин депутаты: “Коом кандай болсо, Жогорку Кеңеш да так ошондой болот”

– Жогорку Кеңештин бүгүнкү акыбалы көптөгөн сындарга кабылууда. Саясаттын табийгаты да ушундай болот. Дайыма кимдир бирөөлөр биздин турмушубузга күнөөкөр болушу керек. Жогорку Кеңеш өкмөттү күнөөлөйт, эл Жогорку Кеңешти же өкмөттү күнөөлөйт. Ошол эле учурда баарын өзүбүз шайлайбыз. Коом кандай болсо, Жогорку Кеңеш да так ошондой болот.

Абдырахман Маматалиев, экс-вице премьер-министр: “Жогорку Кеңеш ресурсун түгөттү деген туура эмес”

– Жогорку Кеңеш өз ишин аткарып жатат. Кийинки шайлоого чейин 1 жыл, 9 ай калды. Ошондон уламбы, кээ бир депутаттар акыркы мезгилде коомчулукка жага бербеген демилгелер менен чыгышууда. Жарандык коом аларды популисттик кадам катары баалап, сындашууда. Анын үстүнө азыр бизде кээ бир саясий күчтөр кырдаалды курчутууга аракет кылып жаткандай. Бирок Жогорку Кеңеш ресурсун түгөттү, элдин ишениминен чыкты деген туура эмес. Тескерисинче, акыркы мезгилде активдүү иштей баштады. ЖЭБ, жаңы кодекстерди ишке киргизүүгө өкмөттүн даярдыгы жана башка чуулгандуу иштер боюнча көпчүлүк депутаттардын принципиалдуу позициялары элдин колдоосуна ээ болууда. Ошондуктан өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсү зарыл.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Парламент тарайт деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок”

– Парламенттик шайлоого аз эле калды. Таратканга азыр эч кандай негиз деле жок. Бирок аларды таркатуу да оңойго турбайт. Өздөрү татыксыз экенбиз деп таркашпайт. Ошондуктан парламент тарайт деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок.

Темирбек Асанбеков, “Мекен-Ынтымагы” партиясынын лидери: “Парламенттин моралдык  рейтинги етө төмөндөп кетти”

– Өздөрүнүн жалпы эл астында берген популисттик ашыкча убадалары баарын өтө ыңгайсыз саясий абалга алып келди. Өзгөчө өздөрү түптөгөн аткаруу өкмөтүнө акылман болуп, сын таккандары көпчүлүк элдин кыжырын келтирип жатат. Кыскасы, парламенттеги партиялардын моралдык рейтингдери өтө төмөндөп кетти. Келерки шайлоодо эл мына ушул жагдайларды эске алышы шарт.

Искендер Гаипкулов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Азыр парламент тарай турган жаңжал жок”

– Жогорку Кеңеште парламент тарайт деген сөз жок. Депутаттар баштагыдай эле мыйзам жазып, тиешелүү маселелерди талкуулап жатабыз. Өкмөт менен деле тил табышып, фракциялар деле бири-бирин түшүнүшүп, кадимкидей эле иштеп жатат. Эгер парламент ишин жөндөй албай жатса же Өкмөт менен тирешип түшүнбөстүктөр жаралса, президент Өкмөттү же парламентти таркатууга аргасыз болмок. Азыр парламент тарай турган, пикир келишпеген, тирешти күчөткөн жагдай, жаңжал деле жок. Парламентке келген журналисттин көбү эле депутаттардын жетишкендиктерин, жакшы жактарын эмес, катачылыктарын издешет. Ошон үчүн айрым жарандарыбызга парламенттин ресурсу түгөнүп жаткандай сезилип жатса керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: