6-февралда You Tube социалдык тармагына “Карышкырлардын бугуларга кол салуусу” аттуу видеотасма жарыяланды. Анда АКШнын Йеллоустон улуттук паркындагы бугулардын үйүрүнө кол салган карышкырлардын чоң тобу тасмага тартылып алынган.
Тасмада көрүнгөндөй быйыл АКШга кар калың түшкөндүктөн карышкырлар карга батып, катуу чуркай албай, ал эми буту узун, бийик бугулар оңой эле качып кутулуп кетүүдө. Муну түшүнгөн бугулар карышкырлар көп экенин жана жакындап келатканын көрсө да тоотпой, кайра каяша жасап, аларды сүзүп, коргонууга аракет жасашкан. Дегеле качканда да алыс качпай, ошол эле тегеректе айланчыктап турушканын көрүп таңкаласын.
Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ