Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин кезектеги сессиясынын ачылыш аземи болду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады. Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрүндө “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.
Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ