Menu

Баткен ОИИБ: Кызыл-Кыяда куралчан жаран каракчылык жасаган

Бөлүшүү:

Кызыл-Кыяда куралчан жаран каракчылык жасаган. Бул тууралу бүгүн, 19-октябрда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-октябрда саат 05.50 чамасында, Кызыл-кыя шаарындагы май куючу станциясына азиат улутундагы, жашы 25-30 курактагы бейтааныш атуул белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен келип, бөтөн мүлктү ээлеп алууну көздөп май куюуучу станцияасынын 44 жаштагы операторун ок атуучу курал менен кезеп коркутуп, бирок өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аракетин аягына чыгара албай окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө-иштеринин натыйжасында карактоого шектелген жаран Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

Ал эми ыкчам –тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап барганда, шектүү баш ийбестен бычак менен каршылык көрсөткөн.

Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам-тергөө иш аракеттеринин негизинде шектүү 24 жаштагы И.М. кармалып келип убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жаран мурда соттолгондугу аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: