КР Жогорку сотунун 2018-жылдын 31-январындагы токтому менен КР Жогорку сотунун жазык иштери боюнча жана административдик укук бузуулар боюнча Соттук коллегиясы тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2018-жылдын 16- январындагы Чыңгыз Жумагуловго карата чыгарган токтому жокко чыгарылды. Бул туралуу Жогорку соттун пресс-кызматы маалымады.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы № 47 жаза аткаруу мамалекеттик кызматынын начальнигинин Ч. Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу жаза менен бошотуу тууралуу сунушун канаттандыруудан баш тартылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ