Menu

“Мерседес” минип чалкалап, сен да өтөсүң дүйнөдөн!

Бөлүшүү:

Ажал алып келген ак учактын кырсыкка кептелиши “Дача Су” аймагынын бир канча тургундарынын эле эмес. бүтүндөй Кыргызстандын элинин кайгысы болду. Энеден эрте калган балдар. Бешиги бош калган энелердин кайгы муңун, ата-энесиз калган балдардын көкүрөгүндө кусага айланып кеткен сагынычтарын эч бир каражат, эч бир актануулар толтура албайт. Ооба, элден айланса болот, бул каргашалуу кырсыкта да эл кайраттуулугун, биримдигин көрсөттү.

Бирок, элдин башчылары эмне кылды? Элдин кайгы-муңун жон териси менен сезе алдыбы? Жок. Туура он күн өткөндөн кийин ажо ак сарайына чакырып көңүл айты. Бирок, “кыргыз качан өлүк чыккан үйгө өкүрүп түшпөй туруп, өз үйүнө чакырып куран окутчу эле?”- деп башын чайкагандар да чыкты. Ооба, билебиз Алмазбек Шаршенович өлкөдөгү бай адамдардын бири, жаманбы-жакшыбы пре­зидент, Акаев “Волга” минип жүргөндө “Мерседес” айдап жүргөнү дагы маалым. Муну өзү да унутпай, элди да унуттурбай ыңгайы келген күнү элдин эсине салып жүрөт! Би­рок ошол “ак сөөк” экендигин кайгы баскан калкка көрсөтүш керек беле?

Кырсык болгон күндөн тартып “өкмөт 70 миң, прези­дент 100 миң сом бөлүп берди”- деп жалпыга маалымдоо каражаттарынан кайра кайра какшадык. Бирок, 170 миң сом менен кайсы чыгым жабылат деп суроо жооп берген жокпуз. Азыр “өлгөнгө дагы шарт жок” деген заманда бийликтин берген акчасы кепин, союш, жыртыш деген сыяктуу кур намыс менен чулганган каадаларга кетээри жалганбы? Каалайбызбы, каалабайбызбы кыргыздарда жерге берүү зыйнатына кеткен чыгым ажо менен өкмөт берген акчадан көп эле кетет. Бирок, кеп акчада дагы эмес. Ооба, шейит кеткендер Кыргызстандын ар бурчунан, ошондуктан ажо каза тапкандардын баарына бара албайт. Бирок, 20 чакырым жерге 15 мүнөттүк убактысын бөлүп, учактын түшкөн жерин өз жеринде өз көзү менен көрүп, элдин кайгысына ортоктош болуу кыйынга турдубу?

Президенттин ордуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү барып, президенттин көңүл айтуусун жерге берүү зыйнаттарында окусун, бирок ажал ме­нен арбашкан кандуу окуя болгон жерге ажо баргандан неге ээринди? Бул бүтүндөй кыргызга таң калычтуу. Же кыргызда жакыны кайтыш болгон адамды үйүнө чакырып келип көңүл айтканын уктуңар беле?

Эмне дейбиз, Турдакун Усубалиевдин атасы уулуна айткан: “Мерседес” минип чалкалап сен да өтөсүң дүйнөдөн, көк эшек минип, кайкалап мен да өтөмүн дүйнөдөн” деген сөздү да унутпай эстей жүрсөк? Түбөлүккө түркүк болгон ким бар? Биз бул макалабызда мамлекет башчылардын бийликчилдиги же канкорлугу, же болбосо саясат жүргүзгөнү тууралуу эмес, жүрөктү жибиткен адамгерчилик жөнүндө айткыбыз келди. Ажобуз оозунан түшүрбөй жамандап жүргөн Акаев менен Бакиевди эстеп көрөлүчү. Өзүндөй эле өлкө башчыларынын катасын көргөн адам, алардын өзгөчөлүгүн да көз жаздымда калтырбаш керек эле да, же калппы?

Өткөнгө саресеп салып көрөлүчү, мактагандык эмес, бирок буга чейин Аскар Акаев Өзгөн районун Сөгөт айылындагы көчкүнүн астында калып кеткен 38 түтүн элге төрт сааттын ичинде жетип барганы чындык. Маселени жеринен чечип, чукул жыйын өткөргөнгө жетишип, ошол жерден Куршабдан жер тилкесин белгилеп, баардыгына үй берүү менен, узартылган мөөнөттө 250 миң сомдон берүү чечимин кабыл алган.

Ошондой эле Сузакта болгон жер титирөөдө 9 үй керектен чыгып, 6 үй тыптыйпыл бузулуп, бактыга жараша адам өмүрүн албаса дагы үйсүз калгандарга материалдык моралдык колдоо көрсөтүп, кырсыктан кабыргалары кайышып турган элинин кашына ошол күнү жетип барган. А “Дача Сууда” канча деген мекендештерибиз, чынар болчу чырпыктарыбыз куурап калды го… “Дача Суу”, Өзгөн менен Куршабдай күнчөлүк жерде эмес эле го…

Курманбек Бакиев өлкө башчысы болуп тур­ган маалда Алай районунун Нура айылында көчкү жүрүп, каргаша окуя болуп, бул тууралуу анча мынча министр, жетекчилер уга электе, Курманбек Бакиев жетип барып, кайгы-муңу жүрөгүндө турган калкы менен бир болгон.

Президент менен өкмөт башчысы 2 мил­лион сом бөлүп, Каржы министрлигине дароо жабыркагандарга 17 миллион сом бөлүп берүүсүнө буйрук берген. Ошондой эле үйлөрү бузулган ар бир жаранга 200 миң сомдон акча каражатын бөлүп берүүгө тапшырма берген. Кырсыктан каза тапкан маркумдардын жаназасына, сөөгүн жерге жашырууга катышкан. Алай менен “Дача Сунун” аралыгы канча эле?

Ал гана эмес 70 жашты багындырып, карылыктын кутман курагында Абсамат Масалиев баштаган бир топ эл өкүлдөрү Аксы окуясы болуп, кан төгүлүп, эл менен асман бирдей жашын төгүп турган учурда, жаанга карабай колдоруна чырак кармап, ар бир үйгө кирип куран окутуп чыкканы элдин эсинен чыга элек.

Эмне Масалиев ошондо кимдир-бирөөдөн коркконунан жаанга калып, колуна чырак көтөрүп, кайгыдан кан жутуп турган ар бир үй-бүлөнүн кайгысын тең бөлүштү беле? А Аксы менен “Дача Сунун” аралыгы канча?

Жогорудагы эл башкарган инсандарыбыздын бул кадамдары биринчиден элди сыйлагандык, “кайгынарда да, кубанычынарда да биз силер мененбиз!”- деген калкка болгон сый-урматы болсо керек.

Экинчиден, эл кан жутуп турган маалда, “силердин таманыңарга сайылган тикенек менин карегиме кадалсын”- деген адамдар гана Элдин тиреги боло алат.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: