Menu

Дастан Бекешов, ЖКнын депутаты: “Негизи маселе системанын иштебей жатканында болуп жатпайбы”

Бөлүшүү:

— Дастан Далабаевич, эмнеге коалицияга кирбейм деп каршы болуп жатасыз?

— Жок, бул туура эмес маалымат. 5 депутат болгону ушул коалиция 11-декабрдан баштап таралсын дегенбиз. Коалицияга кирүү фракциянын чечими болуп жатса мен каршы болмок белем. Бир депутат эч нерсе чечпейт да.

— Майыптар сизге “майыптар үчүн бөлүнгөн үйдү тартып алды, баарын өзү билип жатат”- деп сын коюп митингге чыгып жатпайбы?

— Бул жерде митингге чыккан кээ бир адамдар бирөөдөн акча алып алышканбы билбейм. Бир бала батирди суранды. Ал болсо “мага Дастан Бекешов батир берем деп убада берген”- деп айтып жатат. Тескерисинче ал мага келип ыйлап “мага квартира керек”- деп айткан. Мен атайын ал баланы изилдеп ГРС башка тийешелүү жактардан кагаздарды алдырсам Караколдо, Бишкекте жер тилкелери бар экен. Ал өзү мен майыпмын, байкушмун деп арызданып жүрүп эки жерден жер тилкенин ээси экени аз келгенсип Караколдо, Бишкекте, Сокулукта батирлери бар экен. Эми дагы сурап жатам. Мен кагаздардын баарын чогулттуруп жатам. Социалдык колдоо тармагынан эки жерден жөлөк пул алып турган. Менде каттар бар. Мен аны иликтенип иш козголсун деп ИИМге жөнөттүм. Ал Караколдо туруп арыз жазып, Бишкекте туруп арыз жазып акчаларын алып турган. Болгону бул маалыматты журналисттер билбейт, мен жакшы билем. Аялы, балдары жок. Ага карабай төртүнчү жолу батирди сурап жатат. Бул уят эмеспи. Мындай нерсени жоопко тартыш керек.

— Мындай мыйзамсыз иштерди жасап жүргөндөр өтө көп болушу мүмкүнбү?

— Мен бул маалыматты укканда абдан таң калдым. Негизи маселе системанын иштебей жатканында болуп жатпайбы. Ошол мамлекеттик каттоо органдарда кимдин канча жери же батири бар экенин аныктаган база жок. Мен ушул маалыматтарды чогултам деп мэриялардан суранып алдым. Алар да таң калышты. Баардык арыздар окшош, бирок эки тарап тең билген эмес. “Мен майыпмын, байкушмун”- дей бериптир. Жакшылап анализ кылсак көп чыкпаса да арасынан сөзсүз чыгышы мүмкүн. Бул абдан чоң маселе. Азыр мамлекеттик ипотека берилип жатат. Балким ошол мамлекеттик ипотеканы алган адамда үй же жери бардыр, каттоо кызматында муну аныктап берчү база жок, баары аралашып жатат. Муну тизгиндебесе болбойт.

Даярдаган Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: