Menu

Мээрбек Мискенбаев, “Айкөл Ала-Too” коомдук кыймылынын төрагасы: “Жакында Алмаз Шаршеновичке жолугам, Фарид Ниязов өз ишин баштады”

Бөлүшүү:

– Мээрбек мырза, борбор калаа Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирин 7-апрель көчөсү деп атоо керектигин айтып чыктыңыз, бул ойду эмне себептен айттыңыз?

– Бул ойду көптөн бери ойлоп жүргөм. Бишкекте ансыз деле көчөлөргө ар кандай адамдардын аттары коюлуп жатат. 7-апрель бул тарыхый күн. Ошондуктан борбор калаадагы чоң көчөлөрдүн бирин 7-апрель деп атоо туура эле чечим болот го деп ойлойм.

– Кайсы көчөнү туура көрүп жатасыздар?

– Шабдан баатыр көчөсүнүн жогору жагын түштүк магистралга чейинкисин 7-апрель деп атаса туура болобу дейбиз. Анткени ре­волюция дал ошол Шабдан баатыр көчөсүнөн, тактап айтканда экс- президентибиз Алмазбек Атамбаевдин “Медиа Форум” имаратынан башталбады беле. Көчөнүн төмөн жагы Шабдан баатыр бойдон кала берсин. Көчөнү экиге бөлүп, теңин 7-апрель, теңин Шабдан баатыр көчөсү кылып коюш керек. Мисалы, Манас көчөсү деле, Манас жана Чыңгыз Айтматов көчөсү болуп бөлүнбөдү беле.

– Апрель айы жакындап келе жатат, быйылкы 7-апрелге арналган иш-чаралар кандай уюштурулат ?

– Кандай уюштурулаарынан азырынча кабарыбыз жок. Биз 7-апрелде ок жеп жабыркаган “Айкөл Ала-Too” коомдук кыймылынын мүчөлөрү 17-март күнү Аксы окуясынын күнү болот экен, ошол күнү “Медиа Форум” имаратына өзүбүздүн курултайыбызды өткөргөнү жатабыз. Курултайга 7 облусттан делегаттарыбыз келет. Жалпы 2000 ге жакын киши катышаары күтүлүүдө. Депутаттардан, аткаминерлерден эч ким катышпайт. Жалаң “Айкөл Ала-Тоо” коомдук кыймылынын мүчөлөрү болмокчу.

– Курултайда эмне маселени талкуулайсыздар?

– Эң башкысы өзүбүздүн мындан аркы иштерибизди пландайбыз. 7-апрелге болгон даярдык иштери боюнча сүйлөшөбүз. Ошондой эле Аксы окуясында курман болгондорду эскеребиз.

-Март айынын соңунда КСДП партиясынын съез­ди болоору айтылууда, “Айкөл Ала-Too” коомдук кыймылы КСДП партиясын колдоп келээриңиздер белгилүү эмеспи, съездге делегат болуп катышасыздарбы?

– Албетте катышабыз. Айтчу сөздөрүбүз көп, сөз берилсе айтчу сөздөрдүн баарын айтабыз.

– Мурдагы өлкө башчы Ал­маз Атамбаев менен мамилеңиз жакшы экенин билебиз. Экс-ажо менен кабар алышып турасызбы?

– Алмаз Шаршеновичке көптөн бери жолуга элекмин. Буюрса жакында жолугам го деп жатам. Экс- президентибизди “Айкөл Ала-Тоо” коому башынан колдоп келгенбиз жана колдой беребиз.

– Азыркы бийлик, прези­дент Сооронбай Жээнбеков боюнча эмне айта аласыз?

– Сооронбай Жээнбеков ишин жакшы баштады. Ушул калыбынан жазбай, Алмаз Шаршенович түптөп кеткен ишти улантып иштесе деп ойлойм. Эгер экс-прези­дент баштап берген ишти улантпаса, анда Сооронбай Шариповичке 6 жыл иштөө кыйын бо­луп калат. Азыр көрүп жатабыз, тегерегине жакшы эмес адамдар жыйналып жатат. Ошолордон бир аз этияттаса жакшы болоор эле. Ошондой жаман адамдардын тилине кирип Акаев менен Бакиев эмне болду? Ойлонуш керек…

– Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетишине эм­не себеп болушу мүмкүн?

– Фарид Ниязов партиянын чечими менен кызматтан кетти го деп ойлойм. Анткени КСДП кийинки парламенттик шайлоого даярдык көрүшү керек. Партия­нын ишин алга сүрөөдө Фарид Ниязовдун тажрыйбасы мол. Ошондуктан ал киши кызматтан кетип, партиянын иштери менен алек боло баштады окшойт. Учурда Фарид Абилезимович “Медиа Форум” имаратындагы ордуна бек отуруп өз ишин баштады.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: