Menu

Акылбек Жамангулов, Жогорку Кеңештин депутаты: «386 млн долларды иликтеген депутаттык комиссияга ортого түшкөндөр болууда»

Бөлүшүү:

— Акылбек Жекшенович, ТЭЦте коюлган көзөмөлдөөчү камералардын ар биринин баасы 14500 доллар экенин айтып чыктыңыз эле. Өзүңүз ТЭЦке барып, ал камераларды көрүп келиптирсиз. Ошол акчага татыктуу экенби?

— Бул маселе көтөрүлгөнүнө эки жума болду. Депутаттык комиссиянын төртүнчү отурумунда мен ТЭЦтин жетекчилигине, “Энергохолдингдин” башчысына суроо бергем. 1млн 800 миң долларга 128 көзөмөлдөөчү камера алынган деп маалымат беришкен. Көзөмөлдөөчү камераларга корогон бааны бөлгөндө, ар бир камера 14500 доллар болот дешти. Бирок, ал эмне болгон камералар десек жооп бере албай коюшту. Экинчи күнү комиссиянын отурумунда “Электр станциялары” ААКнын жетекчилери “Биз көзөмөлдөөчү камераларды 300 доллардан алганбыз” деп маалымат таратышты. Мен камераларды жеринен барып көрүп келип, анан маалымат берем дегем. Кечээ өз көзүм менен көрүп келдим. Бардыгы 123 камера коюлуптур. 8 камера атайын адистештирилген камералар, калган 120 камера жөнөкөй жашоо-турмушта эле колдонулуп келе жаткан камералар.

— Атайын адистештирилген камераларды орнотконбуз деп безилдеп жатпады беле?

— “Электр станциялары” ААКнын жетекчилиги бизге “Эл аралык стандартка жооп берген камераларды орноттук” деп жооп берген. Бирок, алардын безилдеп айткандары ынанарлык эмес.

— ТЭЦтеги окуяны иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө “ишти ырбатпай, үстүртөн эле карасаңар” деп ортого түшүп суранып жаткандар болууда деп угуп жатабыз. Сизге да ортомчулар келип, суранычтар болуп жатабы?

— Андай нерселер учурда катталып жатат. Айрыкча “Электр станциялары” ААКнын жетекчилери тарабынан суранычтар өтө көп болуп жатат.

— Сиз комиссия мүчөсү катары ТЭЦтеги иликтөөнү аягына чыга алабыз деп айта аласызбы? Депутаттык изилдөөлөр аягына чыкпай калчу эле…

— Эми менин оюмча бул комиссия иликтөөнүн аягына чыгат. Бизге 1-апрелге чейин изилдөө убакыты берилген. Кокус убакыт жетпей калса, убакытты узартып берүүнү сурайбыз. Себеби өтө көп башаламандыктар бар. Азыр биз билип калган нерселерибиз гана ачыкка чыгып жатат. Биз билбеген нерселерибиз толтура да. Комиссия ишин аяктаган соң баары билинет. Көп кагаздар, англис тили менен кытай тилинде.  Кытайлар бербей жатат деп кол куушуруп олтурушат. Эми ошондойду токтотушубуз керек да. 490 млн долларды сиз төлөйсүз, мен төлөйм, бала-бакырабыз төлөйт. Бул жерде олтурган жетекчилер бүгүн бар да эртең жок да.

Маектешкен Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: