Menu

Видео – Казакстандын мурдагы экономика министри 10 жылга соттолду

Бөлүшүү:

14-мартта Астана соту Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди жемкорлук боюнча айыптуу деп таап, 10 жылга катаал режимдеги абакка кести.

Соттун чечимине ылайык, Бишимбаев өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан дагы ажыратылып, мүлкү конфискацияланды. Ал буга чейинки сотто президенттин жана элинин ишеничин актай албаганы үчүн Назарбаевден кечирим сураган.

19-февралдагы жарыш сөздө прокурорлор соттон Бишимбаевди күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Мурдагы министрдин энеси прокурорлор сураган 12 жылдык абак мөөнөтүн “инсанды жок кылуу” деп баалап, соттон уулун актоону өтүнгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча Бишимбиев “Байтерек” холдингин жетектеп турганда “1 млрд. 200 млн. теңге уурдоо үчүн кылмыштуу топ уюштуруп”, Кызыл-Ордодо айнек заводун курууга бөлүнгөн каражатты кымырган, “курулуш ишканаларынан пара алган”.

38 жаштагы Бишимбаев былтыр январда антикоррупциялык кызмат тарабынан кармалган. 31-октябрдагы соттук угууларда ал күнөөсү жок экенин айткан. Кийинчерээк президенттин жана элинин ишеничин актай албаганы үчүн Назарбаевден кечирим сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: