Бүгүн, 9-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 87 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 27, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 13, Талас облусунан – 2, Баткен облусунан – 17 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44613 жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 178 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40336га жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 88 адам; Чүй облусунан – 13 адам, Ош облусунан – 15, Ош шаарынан – 3, Баткен облусунан – 26 адам, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 14.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ