Menu

Осмонбетов комитетти ойрондотмой болду…

Бөлүшүү:

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов кызматка барбай жатып башаламандык кыла баштады. КСДПдан куулуп, алапайын таппай турган Кожобек Рыспаевдин көздөй адамы Мурадыл Жумадыл уулун орун басар кылып алмакчымын деп, эки орун басарын иштен кеткиле деп кысым кылып жатканы кеп болууда. «Өлө албай жатып өлөң айтат» болуп, өзү КСДПдан куулуп, жек көрүндү болуп жаткан Рыспаев эч жерге батпай, ар кайсы кызматка барып иштей албай илең-салаң болгон Мурадыл Жумадыл уулун орун басар кылып аласың деп Осмонбетовду кысмакка алганы кандай? Бул түртмөлөп жаткан адамы Мүлкфонду менен «Кыргызтелекомдо» иштеп, куулуп кеткен неме экен. Ошол эргулду Кожобек Осмонбетовдун орун басары кылып алып барып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин көзөмөлдөгүсү келип жатыптыр. Ага Эмил мырза моюн сунуп, эки орун басарынан күчүн чыгарып жатканы күлкү келээрлик жорук да…Өткөндө парламентте ант берип жатканда президент Сооронбай Жээнбеков “Антка бек туруп, көзүңөрдү ачкыла!” – деген эскертүү жасады эле. Осмонбетовдун мурдун балта кеспей, айтып оозду жыйганча ашмалтайын чыгарып жатканы неси?

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: