Menu

Темир Сариевдин кызы Айгерим Сариевага АКШ консулдугу атасынын кепилдигине карабай Америкага виза берүүдөн баш тартты

Бөлүшүү:

Америка кошмо штаттары Крымды басып алган Россияны эл аралык укуктарды сыйлабаган баскынчы катары баалап, ага каршы экономикалык, технологиялык жана саясый санкцияларды киргизип келет. АКШнын бул аракетин Евробиримдик да колдоп, Россия Крымды таштап чыгып кетмейинче санкциялар улана берет деп жарыялап, орустарды дүйнөлүк аренада  элден бөлүнүп, жалгыз калган суук тумшукка чыгарышууда.

Ошол эле учурда АКШнын сенаты “Магнитскийдин тизмеси” деп аталган мыйзамдык актынын негизинде адам укуктарын бузган 100дөн ашык Россиянын чиновниктерин “кара тизмеге” киргизди. Эми “Магнитскийдин тизмесине” кирген чиновниктерге жана анын туугандарына АКШга виза берилбейт. Алардын америкадагы каржы мекемелериндеги эсептери тоңдурулат. АКШнын жарандары менен ишканаларына бул тизмедеги жарандар менен кызматташууга тыюу салынат.

Күтүлгөндөй эле Евробиримдиктин өлкөлөрү да АКШнын бул демилгесин колдоп чыгышты. Латвиянын Сейми Россиянын 49 жаранын “Магнитскийдин тизмесине” киргизди. Европадагы АКШнын каржы институттарына байланышкан банктар американын тизмесин толугу менен колдой турганын жарыялашты.

Эми экинчи этапта АКШ жана Европа биримдигинин өлкөлөрү агрессор жана адам укуктарын сыйлабаган Россия өлкөсүнө жан тарткан, жардам берген, кызматташкан башка өлкөлөрдүн чиновниктерин жана алардын туугандарын “Магнитскийдин тизмесине”  киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышкандыгын батыштын басма сөзү байма-бай жазышууда.

Мына ушундай кырдаалда россиячыл саясатчы, экс-премьер Темир Сариевдин россиялык “Газпром-Кыргызстан” ишканасында иштеген кызы Айгерим Сариева АКШга баргысы келип, ал өлкөнүн Бишкектеги консулдугуна виза алууга кайрылат. Адатта АКШ консулдугу барып-келүүгө каражаты жетиштүү, ал жакта мыйзамсыз иш издегенден алыс, ишенимден чыкпаган кыргыз жарандарына азыр 5 жылдык көп жолку виза берип салат. Айгерим Сариевага атасы, экс-премьер Темир Сариев кепилдик бергенине карабай АКШ консулдугу виза берүүдөн баш тарткан.

Эксперттердин айтымында буга атасы Темир Сариевдин ашынган россиячыл экендиги менен россиялык бийликтерге кызмат кылгандыгы жана кыздын россиялык ишканада иштегендиги себеп болгон.

Чындыгында Темир Сариев 2015-жылы парламенттик партиясы жок туруп, россиялык лоббинин жардамы менен Кыргызстандын премьер-министрлигине шайланганын көп ММКлар жазып чыгышкан.

Анын алдында, 2013-жылы Темир Сариев КР Экономика министри болуп турганда миллиарддаган сомдук инфраструктурасы бар “Кыргызгаз” ишканасы Россияга 1 долларга сатылып кеткен. Ал эми Темир Сариевдин Кыргызстандагы Америка университетинде психология адистиги боюнча окуган кызы Айгерим Сариева “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алган “Газпром-Кыргызстан” ишканасына олчойгон айлык менен экономист-бухгалтер болуп ишке орношкон.

Ал эми 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда  эксперттердин баасында 4 миллиард доллардык алтыны бар “Жерүй” алтын кени Россиялыктарга ит бекер – 100 миллион долларга сатылып кеткен жана “Жерүй” алтын кенинде Кыргызстандын 1% да үлүшү калбай, эми 100% россиялыктарга таандык болуп калган.

Ошол эле 2015-жылы премьер-министр Темир Сариевдин сүрөөсү менен Кыргызстан Бажы союзуна – Евразиялык экономикалык союзга кирди. Бирок кыргыз бийлиги убада кылган 180 миллиондук рынок Кыргызстанга кучагын ачкан жок. Үмүт кылгандай Кыргызстандын айыл чарба жана жеңил өнөр жай продукцияларынын экспорту өспөдү. Тескерисинче Россия Кыргызстандан барган тонналаган айыл чарба продукцияларын ар кандай шылтоолор менен чек арадан артка кайтарып жаткан фактылар байма-бай жарыяланууда. Союздун дагы бир мүчөсү болгон Казакстан болсо Кыргызстанга экономикалык блокада уюштурганга чейин жетти.

Азыркы мезгилде кыргыз укук коргоочулары Кыргызстанда да “Акуновдун тизмесин”  түзүп, ага адам укуктарын бузган кыргыз чиновниктерин киргизүүнү жана аларга демократиялык өлкөлөрдө санкциялар киргизилишин ишке ашырууну демилгелеп келе жатышат. Укук коргоочу Бектемир Акунов 2007-жылы Нарындагы милициянын абагында кайтыш болгон. БУУнун адам укугу боюнча комитети  Бектемир Акуновдун өлүмүнө кыргыз бийлигин айыптап, анын өлүмү боюнча калыс иликтөөлөрдү жүргүзүүнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып келет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: