Шашылыш билдирүү!
11-13-июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
11-июлда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. 12-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 13-июлда жаан-чачын күтулбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
11-13-июлдарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы
11-13-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу
11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши күтүлөт.
12-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-14 метрге жетиши күтүлөт. 13-июлдарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйкачылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ